Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында балдарга жаңы жылдык балаты болду. Балдардын "Таберик" музыкалык театры "Сыйкырдуу падышалык" аттуу спектаклди коюшту. Балдар бул күнү жаңы жылдын символу болгон Аяз ата, Аяз кыз менен сүрөткө да түшүштү. Балдарга мэрдин атынан эсте каларлык белектер да берилди.

Майрамдык маанай.

Балдар үчүн коюлган "Сыйкырдуу падышалык" спектакли.

Бишкек мэринин атынан уюштурулган балаты майрамына 1,5 миңден ашык бала келди.

Балдардын көбү майрамдык көйнөктөрдү кийип келишти.

Улуттук кийимдерди кийип келген балдар да көп болду.

Кыздардын көбү ханбийке болууну жактырышат.

Балдардын көпчүлүгү чоң энесинин, чоң атасынын коштоосунда келди. Улуулар да спектаклди кызыгуу менен көрүштү.

Сахнага чыгуу үчүн кезегин күткөн балдар.

Оюнга катышуу балдар үчүн жакшы маанай туртуулады.

"Жолборс терисин кийген баатыр"

Спекталдан кийин балдарга белектер тапшырылды.

Балдар алган белектерине абдан кубанышат.

Курбусун унутпаган бөбөк.

Эстелик үчүн сүрөт.