Бажы биримдиги менен ЖККУнун саммити Москвада өтөт

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүЗаседание Комиссии таможенного союза ЕврАзЭС
Заседание Комиссии таможенного союза ЕврАзЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин президенти Владимир Путин Москвада ЖККУнун Евразиялык экономикалык кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумуна катышат. Иш-чарага Армениянын, Беларуссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын башчылары катышмакчы.

БИШКЕК, 23-дек — Sputnik. РФтин президенти Владимир Путин Москвада ЖККУнун Евразиялык экономикалык кеңешинин жана Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумуна катышат. Саммиттердин алкагында бир катар документтерге кол коюу пландалууда деп билдирет РИА Новости

Иш-чарага Армениянын, Беларуссиянын, Казакстандын, Кыргызстандын, Россиянын жана Тажикстандын башчылары катышмакчы.

Евразиялык жогорку экономикалык кеңеш — Россиянын, Казакстандын жана Беларуссиянын Бажы биримдигинин мамлекеттерден жогору турган органы. Ал 2015-жылдын 1-январынан тартып Армения менен биргеликте Евразиялык экономикалык биримдикти түзүп жатат. Ошондой эле аталган топко Кыргызстан да кошулганы турат. Жамааттык коопсуздук кеңеши – ЖККУнун жетекчилик органы (Россия, Беларусь, Казакстан, Армения, Кыргызстан жана Тажикстан).

Жамааттык коопсуздук кеңешинин күн тартиби

Оторбаев: ЕЭБге кошулууда улуттук кызыкчылык эске алынышы керек
Россия президентинин жардамчысы Юрий Ушаков журналисттерге айтып бергендей, ЖККУ мамлекеттеринин башчылары саммиттин жыйынтыктары боюнча биргелешкен билдирүүнү кабыл алып, анда Борбордук Азияда терроризм коркунучунун күч алышына жана, башкалар менен катар Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен, экстремизмдин жайылышына тынчсызданууларын билдиришет. 

Ушаковдун айтымында, алгач кеңештин отуруму чакан топтун катышуусунда мамлекет башчылары менен өтөт, андан соң кеңештин кеңейтилген курамындагы отуруму болот. Саммиттин жыйынтыктары боюнча 22 документке кол коюу пландалып жатат. Анын ичинде бир билдирүү, кеңештин 19 чечими жана эки протоколу бар. Ушаков пландалып жаткан чечимдердин арасында баңгиликке каршы стратегия боюнча документтер, өзгөчө кырдаалдарга карата биргелешкен аракеттерди өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планы, маалымат тармагында кылмыштуу аракеттерге каршы туруу боюнча өз ара аракеттер жөнүндө протокол бар деп айтты.

Ошондой эле анын маалыматы боюнча, ЖККУ мамлекет башчыларынын билдирүүсүндө Борбордук Азияда терроризм коркунучунун күч алышына жана, башкалар менен катар Афганистандагы кырдаалды эске алуу менен, экстремизмдин жайылышына тынчсыздануулары айтылып, Украинада тынчтыкты калыбына келтирүү жана Тоолуу-Карабахта көйгөйдү жөнгө салуу зарылчылыгы баса белгиленет. Ушаковдун айтымында, саммитте баңги заттарынын, биринчи кезекте Афганистандан чыккан заттардын ташылуусуна жана кибер кылмыштарына каршы күрөшүүгө, ошондой эле тажик-афган чек арасын бекемдөөдө Тажикстанга көмөк кылуу боюнча мурдагы саммиттин чечимдеринин аткарылышына олуттуу көңүл бурулмакчы. 

Шейшембиде ЖККУнун уставдык органдарында төрагалык Россиядан Тажикстанга өтөт. ТРдин президенти бул күнү кеңештин отурумун алып бармакчы. 

Экономикалык биримдик

Президент Алмазбек Атамбаев Бажы биримдигине кирүүнүн себептерин айтты
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин отурумунан кийин Бажы биримдигинин саммити өтүп, анын жүрүшүндө кызматташтык жөнүндө бир катар документтер кабыл алынат. Ушаков кеп медицина жана айыл чарба тармагында кызматташтыкты кеңейтүү каралган документтер жөнүндө болуп жатканын айтты. Ошондой эле Евразиялык экономикалык биримдиктин 2015-жылга карата бюджети кабыл алынат жана иш регламенттеринин айрым жерлери каралып макулдашылат. 

Андан сырткары, биримдиктин чет элдик өнөктөштөр менен өз ара аракеттешүүсү да талкууланат. Ушаковдун айтымында, Вьетнам менен эркин соода аймагын түзүү жөнүндө сүйлөшүүлөр бир топ алга жылган, Израиль, Индия жана Египет менен да ушундай эле макулдашууларды даярдоо боюнча серепчилик топтор түзүлдү. Жакынкы арада Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы (АСЕАН) жана Түштүк-Америкалык жалпы рынок (Меркосур) менен кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу пландалууда. 

Саммиттин алкагында валюталык рыноктогу абал да талкууланышы мүмкүн. Мурдатан РИА Новости тарабынан сурамга алынган серепчилер ЕЭБ Россия рублунун төмөндөшүнө туруштук бере алат деп билдиришкен эле. Алар ошондой эле бирикменин мүчөлөрү бүгүн валюталык саясатты тезирээк макулдаштыруулары керек деген ишеничте. 

Ошону менен бирге серепчилер Белоруссиянын экономикалык абалы тынчсызданууну жарат деп белгилешкен. Себеби Россия анын эң маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет, жана буга байланыштуу президент Александр Лукашенконун РФ менен эсептешүүлөрдү доллар же евро аркылуу жүргүзүү жөнүндө акыркы билдирүүсү өлкөнүн экономикасына кантип оң таасир кылары түшүнүксүз. Казакстан болсо, серепчилердин пикиринде "валюталык саясатты адатынча россиялык рубль менен акырындап тең салмактуу абалга келтирүү эмес, бир мезгилде девальвациялоо түрүндө жүргүзөт".

Мамлекеттик Думанын депутаты Анатолий Выборный мурдараак ШКУ, БРИКС жана ЕЭБ сыяктуу бирикмелерге катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда доллар менен тең тайлаша турган жаңы валюта пайда болушу мүмкүн деп билдирген. Парламентарий, эгер доллар ар кайсы өлкөлөрдүн, мисалы Россиянын, коньюктрунасына азыркыдай таасир кыла турган болсо, андай валюта эртели-кеч баары бир пайда болот деген ишенимин айткан. 

Эки тараптуу жолугушуулар

Валерий Диль бүгүн Москвада ЕЭБ кеңешмесине катышат
Саммиттердин алдында Путин Киевден кайтып келген Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен эки тараптуу жолугушуу өткөргөн. Казак лидери дүйшөмбүдө Киевде иш сапары менен болуп, анын жүрүшүндө Украинанын жетекчиси Петр Порошенко менен жолуккан. Ал жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Назарбаев Казак Республикасы Украинага таш көмүр сатууга кызыга тургандыгын жана бул өлкөдөн азык-түлүк жана металлургияны сатып алууну кайра калыбына келтирүү ниети бар экенин билдирди.

Ал эми өткөн жекшембиде Киевде болуп келген Лукашенко менен Путиндин өз алдынча жолугушуусу пландалган жок. Лукашенко менен Порошенконун жолугушуусу жабык болуп, ага маалымат кызматкерлери чакырылган эмес. Мамлекет башчылары белорусь-украин мамилелериндеги жана эл аралык көйгөйлөрдү талкуулайт деп пландалган. 

Бирок Ушаковдун айтымында, Путин менен Лукашенко саммиттин жүрүшүндө көйгөйлөрдү талкуулап же эки тараптуу жолугушуу тууралуу макулдашууга мүмкүнчүлүктөрү болбойт. 

Иш-чара аяктагандан кийин Путин Кыргызстандын кесиптеши менен жолугушуу өткөрүп, анын жүрүшүндө Кыргызстандын экономикасын ЕЭБ шарттарына ылайыкташтыруу маселелери, ошондой эле эки тараптуу жана аймактык маселелер каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0