Оторбаев: ЕЭБге кошулууда улуттук кызыкчылык эске алынышы керек

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевАрхив: премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев
Архив: премьер-министр Кыргызской Республики Джоомарт Оторбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттө КРдин Бажы биримдигине кирүүсү, Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча келишим долбоорунун пункуттары талкууланып жатканда киргизилген өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келээри туурасында сөз болду.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. Премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында өткөн КРдин Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча ведомство аралык комиссиянын жыйынында аталган биримдикке кошулуу боюнча келишим долбоорунун пункуттары талкууланды. Бул туурасында өкмөтүнүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

"Биз өлкө үчүн ыңгайлуу вариантты кабыл алып, улуттук кызыкчылыктарды илгерилетүүбүз керек, бардык ведомстволордун ырааттуу ишинин натыйжасында аны ишке ашырса болот», — деди өкмөт башчысы.

Өкмөт башчысы Оторбаев жакында эле Москвада жогорку деңгээлдеги жолугушууларда Кыргызстандын Евразиялык аймактын интеграциялык процесстерине катышуу маселеси талкуулангандыгын айтты. 

"Россия Кыргызстандын интеграциялык биримдиктерге кошулуусун колдойт. Биз жыйынтыктоочу баскычта турабыз, Келишимге кол коюуда юридикалык коллизиялардын орун албашы үчүн укуктук мүнөздөгү маселелерди чечүү зарыл. Бардык маселелер өлкө кызыкчылыгын эске алуу менен чечилиши кажет, ошондуктан КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндө Келишиминин ар бир пункуту тыкыр каралышы керек", — деп белгиледи Өкмөт башчы.

Оторбаев ББга кирүү боюнча даярдыкты декабрга чейин аяктоону сунуштады
Келишим пункуттарын талдоо боюнча КР экономика министри Темир Сариев маалымат берди. Темир Сариев ведомство аралык комиссиянын иши үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүп, Жогорку экономикалык комиссиянын кароосуна сунушталган КРдин Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу жөнүндө Келишим долбооруна тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилип жаткандыгын айтты. 

«Евразиялык Экономикалык комиссиянын мүчөлөрү Келишим долбоорун карап чыккан соң, өз түзөтүүлөрүн киргизди, учурда биз киргизилген өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына дал келээрин чечүүбүз керек, бул боюнча пикир алмашуу зарыл», — деди өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев. 

Жаңылыктар түрмөгү
0