Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюну – Борбор Азиядагы мамлекеттердин этникалык спорт түрлөрүнүн мелдеши.
Быйылкы Көчмөндөр оюнуна Түркия, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Монголия, Тажикстан, Россия (Саха (Якут), Бурят, Алтай, Калмак, Башкырстан ресубликаларынан) жана Афганистан мамлекеттеринен спортчулар келишти.

Алгачкы жолу Кыргызстанда өтүп жаткан Көчмөндөр оюнуна өз куттуктоолорун Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Татарстандын президенти Рустам Минниханов жиберишкен.

Оюндун ачылышында Россияны Башкырстандын президенти Рустэм Хамитов жана "Газпром" ААКтын директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Миллер тааныштырды.

Көчмөндөр оюнуна 19 мамлекеттен келген 22 команда катышты. Алар спорттун 10 түрү боюнча күч сынашты.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү боюнча демилгени Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдогандын 2011-жылы Кыргызстанга болгон расмий иш сапары учурунда айткан.

Кыргыз тараптын мындай демилгеси Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине кирген мамлекеттер тарабынан колдоого алынган.

Атамбаев: спорт — элдерди дайыма бириктирүүчү курал болуп келген. Биздин оюндар элдердин ортосундагы ынтымакты чындайт.

Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун негизги максаты — көчмөн маданияты бир болгон элдердин мамилесинин жакшыруусуна шарт түзүү.

8/9
Оюндун ачылышында ар бир кыймыл-аракет көчмөндөрдун каада-салтын чагылдырды.

Ааламдашуу доорунда жер бетинен улуттар, керек болсо мамлекеттерден жоголууда. Көчмөндөрдүн духу өчүп калбай дайыма жашап келет.