Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
https://sputnik.kg/20141110/1013349844.html
Кыргыз эл акыны Аалыны эл эмгегинен эскерет
Кыргыз эл акыны Аалыны эл эмгегинен эскерет
Sputnik Кыргызстан
Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик. Кыргыз Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаев бүгүн 7-ноябрда 110 жашка... 10.11.2014, Sputnik Кыргызстан
Акын, жазуучу, драматург, котормочу, публицист, журналист, академик. Кыргыз Эл акыны, Социалисттик Эмгектин Баатыры Аалы Токомбаев бүгүн 7-ноябрда 110 жашка толду.
Токомбаевдин чыгармалары, айрыкча, ырлары азыр да эл арасында белгилүү.
Аалы Токомбаев Кемин районундагы Кайыңды айылында 1904-жылы туулган.1922-жылы Ташкенттеги советтик партиялык мектепке кабыл алынат.1923–1927-жж. В.И.Ленин атындагы Орто Азия коммунисттик университетинде (САКУ) окуган. Октябрь революциясынын урматына чыгармачылыгында өзүнө "Балка" деген псевдонимди алган.
Кыргызстандын басмасынын тарыхында биринчи болуп чыккан "Эркин-Too" гезитинин биринчи номуру 1924-жылы 7-ноябрда жарык көрүп, ага А.Токомбаевдин "Октябрдын келген кези" аттуу ыры басылган.
А.Токомбаев чыгармачылыгынан тышкары бир нече басылмаларда редакторлук кылган. СССР Илимдер академиясынын Кыргызстандагы филиалынын тил, адабият жана тарых институтунун директору болуп иштеген.
4/8
1937-жылдын ноябрынан 1939-жылдын июнь айына чейин камакта болуп, Улутчул, СТПнын (социалтуран партиясынын) мүчөсү, Япониянын пайдасына иштеген чыккынчы деген сыяктуу жалаалар менен ага чейин чыккан бардык китептери жок кылынган. А.Токомбаев түрмөдөн 1939-жылы 4-июнда чыккан. Кийин советтик белгилүү жазуучулардын бири жана коомдук ишмер Александр Фадеевдин кийлигишүүсү аны камактан сактап калган.
5/8
Кыргыз адабиятынын өкүлдөрү менен А.Токомбаев баштаган бул инсандар кыргыз совет адабиятынын баштоочулары болушкан.
Аалы Токомбаевдин 70ден ашуун кыргыз тилинде, орус тилине которулган 30га жакын чыгармалар жыйнактары басылып чыккан.
7/8
"Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деген ыр саптары эл арасында кеңири тараган. Токомбаев 1988-жылы каза болуп, Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган.
8/8
Аалы Токомбаев мыкты чыгармалар менен катар эле бактылуу үй-бүлөнү түптөдү.