Бишкектин таксисттери талапка жооп береби? Калаадагы такси кызматы

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүУнаа айдап бараткан таксист. Архив
Унаа айдап бараткан таксист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк такси фирмалары айдоочуларды кабыл алаарда алардын айдоо тажрыйбасына жана унаасынын абалына карайт.

Акыркы учурда Кыргызстанда таксисттерге байланышкан ызы-чуу окуялар көп каттала баштады. Ал арада эл өкүлдөрү такси кызматында иштегендердин көбү соттологондор экенин айтып, аларга көзөмөлдү күчөтүү маселесин көтөрүп чыгышты. 

Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Кыргызстандагы такси жаатындагы абалга кеңири токтолуп көрүүнү чечти. 

Таксисттерге коюлган талаптар

Көпчүлүк такси фирмалары айдоочуларды кабыл алаарда алардын айдоо тажрыйбасына жана унаасынын абалына карашат.

  1. Айдоочунун айдоо тажрыйбасы үч жылдан кем болбошу зарыл;
  2. Шаардагы коомдук-административдик жана социалдык жайлардын даректерин, көчөлөрдүн аттарын так билүү кажет;
  3. Унаанын техникалык абалы жакшы жана чыккан жылы 1995-жылдан берки болушу керек;
  4. Мамлекеттик патенттин негизинде катталуусу шарт.

Депутат Жылдыз Мусабекова - Sputnik Кыргызстан
Жылдыз Мусабекова: таксисттердин көбү — соттолгондор
Мына ушул талаптарга жооп берген айдоочулар Бишкек шаарындагы отуздан ашык такси фирмасынын бирине кирип иштей алат. Мындан сырткары, айдоочунун курагы 20 жаштан өйдө болушу да шарт. Жумуш убагында ичкилик ичүүгө, баңгизат колдонууга тыюу салынган. 

Namba такси фирмасынын транспорт бөлүмүнүн башчысы Ислам Алтымышевдин айтымында, көпчүлүк учурда такси кызматында иштөөгө пенсияга чыккан адамдар, мурунку айдоочулар жана сабактан сырткары окуган унаасы бар студенттер кайрылат. 

"Бизде айдоочулардын 30-35 пайызы — пенсияга чыккан адамдар. Эң улуу айдоочубуз 65 жашта. Мындан сырткары, он чакты аял айдоочубуз бар", — деди Алтымышев.

Айдоочуларга мындай талаптар коюлганы менен аларды так аткарбаган таксисттер кездешпей койбойт. Буга жакында эле Көк-Жар жаңы конушунда катталган окуя мисал боло алат. Анда такси фирмаларынын биринин айдоочулары менен милиция кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атууга чейин жеткен. Чатакка катышкан үч милиционер менен эки таксист наркологиялык диспансерден текшерүүдөн өтүп, милиционерлер таза болуп чыкса, таксисттердин канында баңгизаттын бар экени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 341-беренеси ("Бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү") жана 234-беренеси ("Бейбашчылык") боюнча кылмыш иши козголгон. Айдоочу кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Ал арада Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова акыркы учурда таксисттерге байланыштуу чуулар көп болуп жатканын айтып, алардын көбү соттолгондор экенин жар салды. 

"Таксинин айдоочусу өткөндө эле кыздарды сабап салып чуу чыкты. Кийин милиция кызматкерлери менен чатакташып кетишти. Мурун таксисттерди текшерип туруп, анан каттамга чыгарчу. Биз тактап көрсөк такси айдагандардын көбү мурда соттолгон адамдар экен", — деди Мусабекова. 

Ал жаңы конуштарда жашагандарга таксиге түшүү кооптуу болуп жаткандыгын айтып, аларга лицензия берип жаткандарды катуу көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалаган. 

Бирок буга карабай эптеп нан таап жеп, үй-бүлө багайын деген жеке таксисттер да толтура. Алардын бири Султан Алымбеков 1996-жылдан бери өз алдынча жеке таксист болуп иштейт. Ал өлкөдө жумуш жоктугунан, айлыктын аздыгынан көпчүлүк эркектер таксист болуп иштей турганын, такси фирмаларына кирүү да оңой эместигин белгиледи.

Сузак: арак аралашкан кылмыш. Талаада кыйылган аялдын өмүрү жана актанган таксист - Sputnik Кыргызстан
Сузак: арак аралашкан кылмыш. Талаада кыйылган аялдын өмүрү жана актанган таксист
"Азыр Кыргызстанда жумуш табуу кыйын. Ошондуктан жеке унааң болсо, таксист болуп кетүү оңоюраак. Такси фирмаларына кирүү да кыйын. Мен бул жумушта он жылдан ашык эмгектенип келе жатам. Бир күнү жумуш болсо, бир күнү жок, айтор оор эле. Бирок аз айлыкка, аны күтүп, бирөөнүн көзүн карап иштегенден көрө таксист болуп кеткен оң", — деди Алымбеков.

Жеке таксисттер эч кандай лицензиясы жок, эч бир патент албай эле иштешет. 

"Жеке унааң болсо таксист болуш кыйын эмес, телефондо карта деген бар, лицензия, патент алам менен ишиң жок. Майга кеткен акчадан калганы чөнтөгүңдө калат. Каалаган убагыңда чыгып иштей бересиң", — Алымбеков.

Такси фирмалары мамлекеттик салык кызматына акча төлөп, патент алып турушат, бирок жылдык суммасы так маалымат катары ачыкка чыкпайт экен. 

Баары бир такси чакырткандар көп

Улуттук статистикалык комитет январь-октябрь айларына карата жыйынтык чыгарып, анда Кыргызстанда такси кызматын колдонгондор көбөйгөнү тууралуу жазылган. Маалыматка ылайык, бир жылда кардарлардын саны 2 миллионго көбөйүп, жалпысынан 22,2 миллионду түздү. 

Быйылкы жылдагы таксисттерге байланышкан урунттуу окуялар

1. Сузак районунда таксист 26 жаштагы аялды өлтүрүп, талаага таштап кеткен. 

2. Бишкектин жаңы конуштарынын биринде 19 жаштагы жаран таксистти отвертка менен моюнга сайып өлтүрдү.

3. Баласынын көзүнчө энесин зордуктады делген таксист окуясы көпчүлүктүн үшүн алды. 

4. Укпай жана сүйлөй албаган Адилет эл оозуна алынган таксистке айланды. 

5. Таксист Бишкектик тургундун өмүрүн сактап калды.

Кыргызстандын аймактарына баруу канча турарын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0