Борбор Азия мартта кандай күнгө кабылат. ДССУнун COVID боюнча кооптуу божомолу

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAМедициналык кызматкерлер COVID-19дан жабыркаган адамдын сөөгү менен. Архив
Медициналык кызматкерлер COVID-19дан жабыркаган адамдын сөөгү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2021
Жазылуу
Бул күндөрү коронавирус Европа менен Борбор Азиядагы өлүмдүн себеби болууда. Эксперттер инфекциянын тез жайылышын шарттаган үч негизги себепти айтышты.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Европа менен Борбор Азияда 2022-жылдын март айында коронавирустан каза тапкандардын саны эки миллиондон көп болушу мүмкүн деген маалыматты Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо (ДССУ) уюмунун Европа бюросу таратты.
"Европа пандемиянын капканында калды. Өткөн аптада COVID өмүрүн алып кеткен адамдардын саны күнүнө 4200гө чамалап барган учурлар болду. Бул сентябрь айына караганда эки эсеге арбыды. Жалпысынан алганда вирустан көз жумгандардын саны аймактын 53 мамлекетинде 1,5 миллион кишиден ашты. Бул күндөрү коронавирус Европа менен Борбор Азиядагы өлүмдүн бирден-бир себеби болууда", — деп айтылган маалыматта.
Эл аралык бул уюмдун берген маалыматына караганда, 2022-жылдын 1-мартына чейин аймактын 25 мамлекетинде оорулууларды жаткырган орундуктар боюнча болуп көрбөгөндөй тартыштык жаралат. Ал эми 49 мамлекетинде интенсивдүү терапия бөлүмдөрүнө күч келет. Келерки жылдын жаз айына, тагыраагы, мартка карата алдын ала божомол боюнча аталган оорудан көз жумгандардын саны 2,2 миллион адамдан ашат.
COVID борбордо иштеген жакшынакай, сулуу робот кыздын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
COVID борбордо иштеген жакшынакай, сулуу робот кыздын видеосу
"Бул вирус менен жашап, күнүмдүк, кадыресе жашоону улантыш үчүн "вакцина плюс" ыкмасын колдонушубуз керек. Ал деген — вакциналардын стандарт дозаларын алуу, эгерде зарыл болсо вакцинаны дагы кайра сайдыруу. Буга кошумча күнүмдүк турмушта ооруну алдын алган чараларды көрүү: бет кап кийүү, колду жууп туруу, имаратты желдетүү жана кишилердин бири-биринен оолак болуусу", — деген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Европа аймагы боюнча бюросунун башчысы Ханс Клюге.
ДССУнун эксперттери инфекциянын тез жайылышын шарттаган төмөнкү үч негизги себепти айтып беришти:
  • Европаны чөгөлөтүп, тез тарап жаткан "дельта" штаммы,
  • Чектөө чаралары бошоңдоп, элдин мейманчылап, тагыраагы, "жайылып" кетиши;
  • COVID-19га каршы эмделгендердин санынын көбөйбөй жатышы.
Эксперттер аймактын өлкөлөрүндөгү саламаттыкты сактоо системасын "жогорку же экстремалдуу күч келген учур" күтүп жаткандыгын айтат. Алар элди эмделүүгө, керек болсо вакцинаны кайталап алууга, оорудан сактануу эрежелерин бекем карманууга чакырууда. Бет кап кийүү, колду жууп туруу, имаратты желдетүү жана кишилердин бири-биринен оолак болуу тартибин сактоо көп күчтү деле талап кылбастыгын улам-улам эскертип жатышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0