Атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо дүйнө салды

© Sputnik / Игорь Руссак / Медиабанкка өтүүФранциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо. Архив
Франциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.09.2021
Жазылуу
Жан-Поль Бельмондо актёрлуктан сырткары продюсер да болгон. Кинолорундагы мыкты ролдору менен миллиондордун урматына арзыган.

БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Франциялык атактуу актёр Жан-Поль Бельмондо 89 жашында каза болду. Бул тууралуу РИА Новости Франс Пресс агенттигине таянып кабарлады. 

Актёр Франция, Европа эле эмес дүйнөгө өзүнүн ролдору, таланты менен белгилүү болгон.

Гүлдөр адамдын колунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Тарыхта калчу образдарды жараткан. Искра Райымкуловага жазылган некролог
Ал "Профессионал", "Акыркы дем", "Ууру", "Борсалино" кинолорундагы ролдору менен миллиондордун урматына арзыган. 2001-жылы инсульт болгондон кийин киного тартылбай калып, бирок бир нече убакыттан кийин "Адам жана анын ити" деп аталган кинокартинада ойногон. Ал эми карьерасын расмий түрдө 2015-жылы жыйынтыктаган.

Жан-Поль Бельмондо актёрлуктан сырткары продюсерлик менен да алектенген.

Жаңылыктар түрмөгү
0