00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тарыхта калчу образдарды жараткан. Искра Райымкуловага жазылган некролог

© Sputnik / Кирилл КаллиниковГүлдөр адамдын колунда. Архив
Гүлдөр адамдын колунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.08.2021
Жазылуу
Райымкулова чыгармачылык жолунда Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун баланын образын жараткан.

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз театр жана кино искусствосунун көрүнүктүү таланты, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Искра Райымкулова дүйнөдөн кайтты. Президенттик администрация некролог таратып, маркумдун жакындарына көңүл айтты.

Кыргыз театр жана кино искусствосу орду толгус оор жоготууга учурады.  2021-жылдын 8-августунда Искра Райымкулова узакка созулган оорудан дүйнө салды.

Драматург Бексултан Жакиевдин Атанын тагдыры драмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.02.2016
Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасы тууралуу он факты
Искра Райымкулова 1937-жылы Чүй облусунун (мурдагы Фрунзе облусу) Кемин районунун Шабдан айылында туулган. Алгачкы чыгармачылык башатын 1957-жылы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актер болуп баштаган. Адегенде театрга травести (балдардын ролун ойногон артист) катары кызматка алынган Райымкулова чыгармачылык жолунда Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында отуздан ашуун баланын образын жараткан. Алардын ичинен Бексултан Жакиевдин "Атанын тагдыры" драмасынын негизинде коюлган спектаклдеги Жеңишбеги легендарлуу образга айланган. Кыргыз театрынын травестилеринин ичинен Райымкулова балдардын тарыхта кала тургандай образын чоң чыгармачылык эргүү менен жараткан. Актрисанын чыгармачылык өмүрү жалаң гана балдардын ролун аткаруу менен чектелген эмес. Анын репертуарында ондогон образдын ийгиликтүү жаратылгандыгын айтууга болот.

Шекспирдин "Ромео жана Жульеттасында" Жульеттанын образында ички дүйнөсүнүн назиктиги, баёолугу айрыкча сүрөттөлгөн. Жульеттадан кем калбаган образдардын бири — "Бернарда Альбанын үйүндөгү" Амелиянын образы. Ушул сыяктуу чоң чыгармачылык эргүүдөн жаралган образдарды Искра Райымкулованын чыгармачылык таржымалынан арбын учуратууга болот. Алсак, Шекспирдин "Король Лиринде" Корделиянын, Каорунун "Уурдалган өмүрүндө" Кэйдин, Делмардын "Эртеңкиге ордуңду бошот" чыгармасында Люсейдин, Айтматовдун "Саманчынын жолунда" Алимандын жана дагы бир топ образдарды жогорку чеберчиликте аткарып, көрүүчүлөрдүн арзуусуна татыган.

Гүлдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.07.2021
Мамлекеттик ишмер Үсөн Сыдыковдун сөөгү жерге берилди
Ал эми кыргыз кино искусствосунда "Алымкан" көркөм тасмасында "Алымкандын, "Каныбек" жана "Он үчүнчү небере" кино тасмаларында башкы каармандардын образын ийгиликтүү жараткандыгын атоого болот.

Райымкулованын кыргыз улуттук театр жана кино өнөрүнө кошкон зор салымын эске алып, мамлекетибиз тарабынан эмгеги жогору бааланып, көптөгөн сыйлыктар ыйгарылган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти мамлекеттик наамдары сыяктуу бир топ сыйлыктар берилген.

"Кыргыз элибизге бүтүндөй өмүрүн арнап, маданият жана искусство тармагында өчпөс из калтырып кеткен көрүнүктүү актриса Искра Райымкулованын жаркын элеси кыргыз журтунун, маданият жана искусство сүйүүчүлөрдүн, замандаштарынын, кесиптештеринин жана жакындарынын эсинде түбөлүккө сакталат. Маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз", — деп айтылган некрологдо.

Актриса менен коштошуу эртең, 9-августта, Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын алдында болот. Сөөгү мамлекеттик "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0