Кытайда коронавирустун тарашына эмне себеп болгон. Жаңы иликтөө

© AFP / HECTOR RETAMALУхань шаарында базарда жүргөн адам. Архив
Ухань шаарында базарда жүргөн адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Жазылуу
ДССУ оору жарганаттардан тараган же лабораторияда ойлонуп табылган деген версиялар чындыкка туура келбеши мүмкүндүгүн билдирди.
БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Кытайдын Ухань шаарында COVID-19дун пайда болушун иликтеп жаткан адистери SARS-CoV-2 коронавирусунун жайылышына өлкөдөгү жапайы жаныбарлардын сатылышы себеп болушу мүмкүндүгүн божомолдоду. Бул тууралуу Bloomberg агенттигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Эл аралык уюмдун эксперттер тобу 14-январдан тарта кытайлык адистер менен биргеликте коронавирустун келип чыгышы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзө баштаган.
Жаңы төрөлгөн ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.03.2021
Японияда COVID менен ооруган келиндин жаңы төрөлгөн ымыркайынан вирус табылды
ДССУ адистери вирустун келип чыгышы жөнүндө төрт негизги гипотезаны иштеп чыгышканы маалымдалды. COVID-19 Ухандагы деңиз азыктарын саткан "Хуанань" базарына жарганаттар аркылуу келген деген версия чындыкка туура келбеши мүмкүн. Мындан тышкары, изилдөөчүлөр коронавирус лабораторияда атайын жасалып таратылган деген жагдай дагы күмөн жаратарын белгилешкен. Ошондой эле оору тамак ашка түшүп кеткен вирустан жайылган деген маалымат айтылып жатканын билдиришкен.
Адистердин пикиринде, ишенимдүүрөөк версиялардын бири катары Ухань шаарындагы "Хуанань" деңиз азыктарын саткан базарындагы жапайы жаныбарлардын сатылышы каралууда.
ДССУнун эксперттик тобунун курамына кирген сиднейлик микробиолог Доминик Дуайер вирус базарга же ага жакын жерде сатылган оорулуу жаныбар аркылуу тараган болушу мүмкүндүгүн белгилеген.
Адистер базарды коронавирус чыккан эмес, тараган жер катары түшүнүү керектигин кошумчалашкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0