Россия эми дүйнөлүк террорчулукка айыпталууда. Америкалыктардын акыл парасаты

© AP Photo / ASSOCIATED PRESSРадикальное движение "Талибан"
Радикальное движение Талибан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШ конгрессиндеги республикачылар Россияны террорчулукту колдойт деп кине тагышты. Мыйзамчылар "Талибан", "Ислам мамлекети" жана "Хезболлага" демөөрчүлүк кылганы үчүн РФке карата санкцияларды катуулатуу керек деп эсептешүүдө.

Эгер Дональд Трамп бул айыптоолорго макул боло турган болсо, Москва менен Вашингтондун террорчулукка каршы биргеликте жасап жаткан аракети эч нерсеге арзыбай калат. Эмне себептен америкалыктар мындай кызматташууну үзгүлтүккө учуратмакчы болуп жатканын РИА Новости талдап көрдү.

"Американы чыңдоо жана глобалдуу чакырыктарга каршы туруу" уюмунун докладында Россия террорчулукка каршы күрөшүп жаткандай элес калтырганы менен чынында ага демөөрчү экени айтылат.

Совместные учения войск НАТО Trident Juncture 2018 в Норвегии - Sputnik Кыргызстан
"От менен ойногондой". НАТО эмнеге Россиянын чек арасында машыгат?
"Афганистандагы америкалык аскерлердин башчысы Москва талибдерди курал менен камсыздайт деп күнөөлөгөн. Сирия согушунун жүрүшүндө Россия Ислам революциясын коргоочулар корпусу жана "Хезболла"* менен түз карым-катнашта болгон. Сириядагы россиялык контингент Америка колдогон көтөрүлүшчүлөргө каршы согушту. 2015-жылдын октябрында Россия абадан сокку уруп, "Ислам мамлекетинин"* согушкерлерине жардам көрсөткөн", — деп айтылат документте.

Бул докладды өкүлдөр палатасындагы ири республикалык фракциялар даярдаган. Азыр ал жакта президенттин партиялаштары аз санда, бирок дал ушулар Ак үйдүн саясатын жайылтып келет. Документке болгон кызыгуу да ушуну менен түшүндүрүлөт.

АКШнын улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткандардын тизмесинде биринчи орунду Кытай ээлесе, Россия экинчи сапта турат.

"Мыйзам террорчулуктун демөөрчүсү катары Россияга санкция киргизип, экономикалык чектөөлөрдү күчөтүүнү талап кылат. Бул санкцияларда террордук уюмдарга колдоо көрсөткөн жактарды дипломатиялык иммунитеттен ажыратуу каралышы керек. Террорчуларга курмандык болгон адамдардын үй-бүлө мүчөлөрү америкалык сотторго доо арыз менен кайрылууга укуктуу болушу керек. Экономикалык жардам көрсөтүүгө жана курал-жарак сатууга тыюу салуу зарыл", — деп айтылат документте.

Мындан тышкары, докладдын авторлору АКШдагы шайлоого кийлигишип, америкалыктарга туура эмес маалыматтарды берген деген эски жомокту кайталашкан. Керек болсо Украина менен Грузиядагы саясий туруксуздукка да Россия себепкер болуп чыккан.

Бир сөз менен айтканда, Россия Сирия, Ливия, Венесуэла жана Черногориядагы АКШнын кызыкчылыгына кооптуулук жаратып келет. Бул конгрессмендердин эң башкы тыянагы. Демек, санкциялар аба менен суудай зарыл.

Ал эми күнүгө күчтөнүп келе жаткан Кытайдын "тоскоолдугу" көпкө чейин созулат имиш, Россия болсо АКШны ушу тапта бура бастырбай кыйнап жатыптыр.

"Россия менен Кытай эл аралык системаны кайра түзүп, элдин демократияга болгон ишенимин кыйратууну максат кылып жатышат", — дешти республикачылар.

Террорчулукка каршы биргелешкен күрөш

Эми террорчулукка каршы күрөшүүдөгү Россия-Америка кызматташуусу ишке ашпай кала тургандай. Эки өлкөнүн мамилеси суктанарлык болбосо да ушуга келгенде сөзү бир жерден чыккан эле.

Өткөндө Россия президенти былтыркы жылдын соңунда АКШнын атайын кызматы ФСБны Санкт-Петербургга келген ИМ согушкерлери тууралуу кабардар кылганын айткан.

"Бул окуя америкалыктардын көзөмөлүндө болду. Москва менен байланышышты. Террорчулар колго түшүрүлгөн. Мен Дональдга чалып, бизге маалымат бергендери үчүн ыраазычылык билдирдим",  — деген Путин.

Освобождение заключенных талибов в Афганистане - Sputnik Кыргызстан
АКШнын "Талибан"* менен "туугандашуусунун" аягы эмне болот?
Өз кезегинде Россия да бир канча ирет жардам кылган. 2001-жылдын 11-сентябрындагы терактылардан кийин Москва Вашингтонго колдоо көрсөтүүгө даяр экенин дароо айткан. НАТОнун Афганистандагы террорчулукка каршы кампаниясынын жүрүшүндө Кабулга жүктүн жарымын Ульяновск аркылуу жетип турган. Бул маршрутту америкалыктар 2015-жылга чейин пайдаланганы маалым.

Жакынкы Чыгышта АКШ менен Россия "Аль-Каида"*, андан соң "Ислам мамлекетине"* каршы күрөштү координациялап турушкан.

2013-жылы Россиянын атайын кызматы ФБРдеги кесиптештерине Америкада жашап жаткан Царнаевдерге көңүл бурууну эскертишкен. Бирок алар бул сөздү кулак сыртынан кетирип, натыйжада Бостондогу марафондо бир туугандар уюштурган терактыдан үч киши каза таап, 300дөй адам жабыркаган.

Сочиде өткөн Олимпиаданын алдында Москва менен Вашингтон шектүү адамдар тууралуу маалымат менен байма-бай алмашып турушкан.

Кызматташуу коронавирус пандемиясынын маалында да үзгүлтүккө учураган жок. Май айында ТИМ башчысынын орун басары Олег Сыромолотов эки өлкө даярдалып жаткан терактылар тууралуу маалымат менен алмашып жатканын кабарлаган.

Тарыхты унутканда...

РСДМнын программалык директору Иван Тимофеев РИА Новости агенттигинин суроосуна жооп берип жатып, конгрессмендердин доклады сунуш иретинде экенин, бирок Москваны санкция менен жазалоо демилгеси ачык көрүнүп турганын билдирди.

"Расизмдин негизиндеги акциялар, шайлоо алдындагы кампания сыяктуу ички көйгөлөр америка коомчулугун экиге бөлүп койду. Республикачылар элдин башын бириктире турган орток маселе издөөдө. Россия, Кытай жана Иран боюнча консенсус дайым бар", — деди ал.

Тимофеевдин айтымында, Россияны террорчулукка демөөрчүлүк кылган мамлекеттердин тизмесине киргизүү маселеси өткөн жылдын соңунда көтөрүлгөн. Санкциялардын пакети DASKA деп аталып, бирок эмнегедик кабыл алынган эмес.

АКШ Россияга каршы санкцияны күчөтүүнү айтып, андан башка да күнөө тагууда - Sputnik Кыргызстан
АКШ Россияга каршы санкцияны күчөтүүнү айтып, андан башка да күнөө тагууда
"DASKA Ак үй менен Мамдепартамент тарабынан декабрда катуу сынга алынган. АКШнын аткаруу бийлиги аталган санкциялар Россияны бурчка такоо жандалбасы экенин жакшы түшүнүп турат. Бирок санкцияга кабылган Россия азыркыдан да кооптуу болгондуктан долбоор кабыл алынган эмес. Азыр республикачылар DASKA пакетиндеги жоболорду кайталап койгон", — деди Тимофеев.

Эксперттин баамында, террорчулукка колдоо көрсөтүүгө айыптоо конгрессмендердин тарыхты билбегенин көрсөтүп турат. "Эгер каза келсек, "Талибан" же "Хезболланы"  россиялыктар эмес, америкалыктар түзгөнү көрүнөт. Республикачылар ушул жагын да эске алышы керек", — деди ал.

Тимофеев Москва менен Вашингтондун террорго каршы биргеликте күрөшүн улантат деп эсептөөдө. Анын айтымында, шайлоо жакындаган сайын популисттик демилгелер, америкалыктар менен макул болгондорду жазалоо чакырыктары көбөйө баштайт.

* — ишмердүүлүгүнө тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0