Крымда универсалдуу десанттык кеме курулат. Россиялык "Мистралдын" өзгөчөлүктөрү

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЦеремония поднятия флага на корабле "Дмитрий Рогачев"
Церемония поднятия флага на корабле Дмитрий Рогачев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коргонуу жөндөмүн чыңдоо жана жогорку технологиялык курал-жарак куруу жаатында Россия четөлкөлүк өнөктөштөрүнөн көз каранды эмес. Аскер баяндамачысы Александр Хроленко ушул маселенин тегерегинде ой толгоду.

Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги жана Керчтеги "Залив" кеме куруучу заводу алгачкы эки универсалдуу десанттык кеме куруу боюнча келишим түздү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча, келишимдин суммасы 100 миллиард рублдин тегерегинде. УДКнын негизи ушул жайдын башында салынышы ыктымал. Долбоор Зеленодольскидеги долбоордук-конструктордук бюродо иштелип чыккан.

РФтин Аскер-деңиз флотунда мындай кемелер дегеле болгон эмес. Француз "мистралдарынын" россиялык аналогдору Аскер-деңиз флотуна Дүйнөлүк океандын алыскы райондорунда ыкчам жайгашуусуна жол ачат.

Негизги универсалдык десанттык кеме флоттун аскердик түзүмүнө 2026-жылга чейин кирүүгө тийиш, андан кийин курулуш көлөмүн көбөйтүү сунушталышы мүмкүн. Жалпысынан долбоордун тагдыры Куралдануу жаатындагы 2027-жылга чейинки мамлекеттик программа менен аныкталган.

Демонстрациялар учурунда оперативдик-тактикалык ракета тутумун жайгаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сарматтын" талпынышы. Россияга жаңы Satana эмне үчүн зарыл?
Россия Федерациясынын Сириядагы согуштук операциясы 15000 – 25000 тонналык салмактагы ири десанттык кемелердин маанилүү экенин айгинеледи. Кеме куруунун бул тармагына чындап эле эң жогорку мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда. РФ президенти Владимир Путин 2020-жылдын 9-январында Севастополдогу Нахимов атындагы Кара деңиз жогорку аскердик-деңиз окуу жайына барып, Аскер-деңиз флотунун өнүгүшүнө арналган экспозиция жана деңиздеги ыраак аймактардын УДКнын айрым мүнөздөмөлөрү менен таанышып чыккан. Ал эми РИА "Новости" агенттиги Коргонуу-өнөр жай комплексиндеги булагына таяна Керчте 2020-жылы бортунда 16 тик учак ташый алган эки универсалдуу десанттык кеменин курулушу башталарын маалымдаган.

Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, РФ УДКнын бортунда 20 оор тик учакты жайгаштырууну пландоодо. Кемелердин десанттык катерлер үчүн док (капталдарындагы)-камералары бар, штаттык куралданган 900 чакты жөө аскерди тийиштүү аймакка жеткире алат. Ар башкалыгы флоттун өнүгүшү үчүн бир нече татыктуу долбоордун күчтүү атаандаштыгы менен түшүндүрүлөт. 2014-жылы француз тарап Россия Федерациясынын Аскер-деңиз флоту үчүн "Мистраль" тибиндеги тик учак ташуучу эки кеме куруу келишимин бузгандан кийин россиялык долбоорчулар кесипкөйлүгүн арттырышты, бир топ машыгышты. Андыктан азыр параметрлери боюнча француздардан кыйла ашып түшөт.

Согуштук кеме

Мындай кеме абдан татаал. Универсалдуу десанттык кеме аскердик коштоочу тик учактардын (кемелик авиатоптун) катышуусундагы десанттык операциянын жүрүшүндө аскердик күчтөрдү жана техниканы деңиз аркылуу (миң милге) жабдылбаган жээктерге жеткирүүгө багытталган.

Кеме миналуу жана түйүндүү тосмолорду, душмандын субмариналарына байкоо салуу тутумунун гидроакустикалык калкымаларды кое алат. Технологиялык жактан десанттын горизонттун чегинен тыш жеткирилиши дээрлик мүмкүн эмес (жээк сызыгынан док-камералардан сууда сүзүү бронетехника деңизге кирет, ал эми сүзбөгөндөрү жээкке десанттык катерде жылат).

Россиянын Су-57 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Су-57 сыналып бүттү: Россия алгачкы 76 истребителин качан алат?
УДКнын бортуна күчтөрдүн ыкчам тобунун штабы, 1000 десантчы, сокку уруучу жана транспорттук тик учактар (ангардын үстүндө жана палубанын алдында), чабуулдук жана десанттык катерлер (кеменин бортундагы сызыктан өйдөңкү кургак каптал бетинде), 76 мм универсалдык артиллерия (жеке коргонуу жана душмандын десантка каршы коргонуу объектилерин кыйратуу үчүн), жеке коргонуу зениттик каражаттары ("Панцирь-МЕ" тибиндеги модуль), ошондой эле деңиз пехотасынын бронетехникасы (кеминде – 50 БМП жана 10 танк), бир кыйла арсенал (топтун баарынын согуштук аракеттеринин бир нече суткасына) жайгаштырылат. Эң башында россиялык УДК "Мистралдагыдан" да чоң авиатопко (16дан ашуун тик учак), жеке коргонуунун күчтүү каражаттарына (артиллерия жана абадан коргонуу күчтөрү) ээ болору пландалган.

Бул кеме үчүн Россиянын палубалык эң сонун учактары, анын ичинде сокку уруучу Ка-52К "Катран", кемеге каршы Ка-27, транспорттук-аскердик Ка-29 жана радиолокациялык чалгындоочу К-31 бар. Америкалык Military Watch басылмасы россиялык УДКнын бортунда Як-141дин ордун баса турган тик учма истребителдери пайда болушу мүмкүн экенин билдирген.

Кеме тактикалык аскердик башкаруунун интеграцияланган тутумуна жана оперативдик-тактикалык топторуна ээ болууга тийиш. УДК милдеттеринин ийгиликтүү аткарылышы үчүн заманбап радиолокациялык станциялар, навигациялык комплекс, радиоэлектрондук күрөш тутуму жана суу алдындагы диверсиялык күчтөрдү кармоо каражаттарынын болушу зарыл. Бул аталган функциялардын баары кыйла өлчөм жана салмакты, кубаттуу кыймылдаткыч орнотмолорун талап кылат. Крым кемелеринин так мүнөздөмөлөрү али белгисиз. Бирок атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлордун бири – Крылов мамлекеттик илимий борборунун "Прибой" универсалдуу десанттык кемеси. Анын корпусунун узундугу – 200 метр, сууга батпаган сызыгынын жазылыгы 34 метр жана салмагы 23 миң тонна. АКШдагы мындай типтеги "Америка" кемесинин толук салмагы – 45 миң тонна (авиаташуучулар менен бирдей).

Өндүрүштүк база

Керчтеги "Залив" заводу согуштук кеме курууда кыйла тажрыйба топтоду. Металлда "крымдык "Мистраль" долбоорун ишке ашыруу үчүн бардык технологиялык мүмкүнчүлүктөргө ээлик кылат. Кургак капталынын узундугу – 360 метр, туурасы – 60 метр, универсалдуу десанттык кеме үчүн ашыгы менен жетет. "Залив" 300 метрге чейинки узундуктагы 150 миң тоннага чейинки салмактагы кемелерди курууга жөндөмдүү. Бул – Европанын ири кеме куруучуларынын бири, тийиштүү жабдууларга жана жогорку класстагы кесипкөйлөргө ээ.

Рабочая поездка президента РФ В. Путина в Южный федеральный округ - Sputnik Кыргызстан
Кара деңиз Россиянын толук көзөмөлүндө. НАТОнун аракетине жооп
Сууга кое берилгенден кийин кеме жана суднолордун курулушу суунун түбүндөгү атайын кран менен жабдылган кеме токтотуучу эки жайда аягына чыгарылат. Бир аз мурдараак Крым бийлиги универсалдуу десанттык кеменин курулушунун долбоорун жайгаштырууга Керчтеги "Залив" заводунун даярдыгын билдирген.

Россиянын Аскердик-деңиз флотунун түзүмүндө чоң десанттык кемелердин (ЧДК) саны көп деле эмес, заман талабына да толук жооп бербейт. Мисалга, 775 жана 1171 ЧДК долбоору Польшанын Гданьск калаасындагы кеме куруучу жана оңдоочу жайларында курулган.

Бул багытта РФ Аскердик-деңиз флотунда технологиялык революция жакындап калганы шексиз. Куралдануу боюнча 2027-жылга чейинки Мамлекеттик программага 19 трлн рубль бөлүнөрү болжолдонууда. Ал эми заманга бап океандык Аскердик-деңиз флотунун курулушу РФ коргонуу жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүнүн негизги багыттарынын бири болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0