Флойддун өлүмүнө шектелип жаткан полиция биринчи жолу сотто жооп берет

© AFP / HANDOUT / HENNEPIN COUNTY JAILБывший сотрудник полиции Миннеаполиса Дерек Шовен
Бывший сотрудник полиции Миннеаполиса Дерек Шовен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, дал ушул полиция кызматкери Флойддун "дем жетпей жатат" деп айтканына карабастан моюн артериясын тизеси менен 8 мүнөт 46 секундага чейин басып турган.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Афроамерикалык Жордж Флойдду муунтуп өлтүрүүгө шектелип жаткан Миннеаполистин полиция кызматкери Дерек Чавен бүгүн алгачкы жолу сот алдында жооп берет. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, дал ушул тартип сакчысы Флойддун "дем жетпей жатат" деп айтканына карабастан моюн артериясын тизеси менен 8 мүнөт 46 секундага чейин басып турган.

Чаван адам өлтүрүүнүн экинчи даражасы боюнча айыпталууда. Бул ойлонулбай, атайылап адамга кайдыгер мамиле жасоо менен өмүрүнө коркунуч келтирүү болуп саналат. Мындай айыптоо менен ал 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео - Sputnik Кыргызстан
Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео
Дагы үч полиция кызматкери иштен алынып, аларга кылмыш ишине жардамдашуу жана ага жол берүү боюнча күнөө коюлган. Мурдагы укук коргоо кызматкерлеринин ар бири 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Алар сотко 29-июнда келишет.

Ал арада Жордж Флойддун өлүмүнө каршы 10 күндөн бери болуп жаткан нааразычылык акциялары Вашингтондо тынч өтүп баштаганы белгиленет. Буга байланыштуу АКШнын Улуттук гвардиясынын жоокерлери эртеңден тарта шаардан чыгып кетмей болду.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн борборундагы абалга байланыштуу Пентагонго тийиштүү тапшырмаларды берген.

Жордж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0