Сабыры түгөнгөн афган бийлиги. Кабул талибдерге согуш ачты

© AP Photo / Rahmat GulОоганстандын Нангархар провинциясындагы өткөрмө бекетте "Талибан" радикал согушкери. Архив
Ооганстандын Нангархар провинциясындагы өткөрмө бекетте Талибан радикал согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынчтыкты жөнгө салуунун америкалык варианты "афгандар аралык диалогдун" принциптерин жана табиятын өзгөртө албады. Афган Ислам Республикасындагы кырдаалды начарлатканы айдан ачык.

АКШнын аракети өкмөттүк күчтөр менен "Талибандын"* куралдуу күрөшүнүн күч алышын шарттады. Аябагандай көп жай тургун набыт болду. Ал эми Вашингтон менен Кабулдун запастык планы жок. Аймактагы коңшулары Афганистандагы окуялардын кайрадан курчушуна даяр болууга тийиш деп эсептейт аскерий баяндамачы Александр Хроленко.

Афганистандын президенти Ашраф Гани "Талибандын"* дегеле токтобогон чабуулуна жооп катары теледеги кайрылуусунда бул уюмга аскердик чабуул баштоого буйрук берди.

Кабулда бул апта ири террордук актылар менен башталган. Таиа Маскан районунда 11-майда бир нече жардыруу болду. Коопсуздук күчтөрү террорчулардын бутасында Улуттук коопсуздук дирекциясы (Афганистандын чалгын кызматы) жана өкмөттүк автоунаалар (курман болгондор туурасында маалымат айтылбады) болгонун билдиришти. Талибдер бул терактыларга тиешеси бар-жогун ачык жар салышпаганы менен ыкмасынан эле аталган уюмдун иши экени билинип турат.

Куралчан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Талибанга" көмөкпү? Афганистанда тажик согушкерлеринин активдүүлүгү күч алды
12-майда согушкерлердин Кабулдагы ооруканага кол салышында беш киши каза тапты. Жан кечти медициналык мекеменин кире беришинде өзүн-өзү жардырган, андан соң куралданган террорчулар кирип келген. Жыйынтыгында 13 киши (арасында 2 ымыркай да бар) өлтүрүлүп, 15 киши жарадар болгон. Чабуулга "чет элдиктердин катышы", тагыраак, "Чек арасыз врачтар" гуманитардык уюмунун ишмердиги себеп болушу ыктымал.

Согуштук аракеттер өлкөнүн чыгыш жана түндүктөгү провинцияларында кызуу тутанды. 11-майдагы Лагман провинциясындагы талибдер менен болгон кагылышта 20дан ашуун афган аскери шейит болду, алтоо жаракат алды. Газни провинциясындагы аскердик операциянын жүрүшүндө "Талибан" * кыймылынын 100дөн ашуун согушкери жок кылынды. Өлкөнүн бийлиги Ислам мамлекети* тобунун беш мүчөсү да жок кылынганын билдирди.

Өкмөттүк күчтөрдүн террордукка каршы кеңири операциялары түндүктөгү Фарах жана Балх провинцияларында уланууда. Өз кезегинде "Талибан" * армия жана полициянын таяныч (базалык) пунктуна чабуул жасоодо.

Нангархар провинциясында 12-майда райондук полиция башчысы Хадж Шейх Икрамдын жаназасындагы жардырууда 24 киши набыт болуп, 68 адам жарадар болду. Жаракат алгандардын көбүнүн абалы оор, террордук актынын курмандыктарынын саны артышы ыктымал. АКШнын талибдер менен түзгөн тынчтык келишими кыйроого бет алды өңдөнөт.

Бандиттерди бошотуу

Террордук активдүүлүктүн жанданышы тегин жерден эместей, согуштук аракеттерди Афганистандын мамлекеттик абактарынан соттолгон талибдерди аргасыз жана биротоло бошотуу процессин күчөтүүдө. Дохада кол коюлган келишимге ылайык, мыйзам алдында соттолгон бандиттерди Афган Ислам Республикасынын туткундагы аскер кызматкерлерине алмашуу – афгандар ортосундагы түз диалогдун негизги шарты.

"Талибандын"* катарына бошотула турган беш миң согушкердин миңден ашууну кайтты. Алардын баары көнгөн адатын – "бизнесин" кайра улантышы ыктымал. ВВС маалыматы боюнча, аталган террордук топ ар кандай мыйзамсыз ишмердиктерден жыл сайын 1,5 млрд доллар табат.

Бардык тобокелдиктери менен катар дегеле бүтпөс "жихад" автоматчан "студентине" туруктуу киреше аларына кепилдик берет. Ал эми "Талибандын"* КошмоШтаттар менен болгон тең укуктуу өнөктөштүк согуштук-диний кыймылдын мамлекеттик турмушта реабилитацияланып, мыйзамдашып жана үстөмдүк кыла алчу келечегине чыйыр салууда.

Айрым афган парламентарийлери АКШ президентинин администрациясы "Талибан"* кыймылынын аскердик ишмердигин мыйзамдаштырууга ниеткер экенин олуттуу түрдө эле билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул аталган топту жеке аскердик компанияга айландыруу жолу менен ишке ашырылат. Көп маанини камтыган мындай демилге көтөрүлүп, 29-февралда Катарда кол коюлган тынчтык келишиминде бекитилген имиш.

Афганистандагы АКШ аскерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Афган туңгуюгу: АКШ касташкан тараптарды элдештирүү аракетинде
Балким, "Талибан" жеке аскердик компаниясы деген көбүртүп-жабыртылгандык болор. Бирок согушкерлердин чектен чыккан эркиндиги, Афганистандан америкалыктардын ачык эле качышы, Кабулдагы "кош бийлик" – талибдердин бийликке кайтышын шарттап, шарият соту жана коомдук жазалоо баштала турган катаал орто кылымдык бийликтин жайылышына жол берет.

Согушкерлердин осолдугун жана уятсыздыгын мындан билиңиз, келишим талаптары аткарыла баштагандан бери 105 гана аскер жана полиция кызматкерин бошотту. Расмий Кабул бошоткон согушкерлердин санынан бул 10 эсе аз. Афганистандын өкмөтү 11-майда мындай тең укуксуз алмашуу процессин убактылуу токтотту.

Афган Ислам Республикасынын Коопсуздук кеңешинин өкүлү Жавид Фейсал талибдер коопсуздук күчтөрүнүн 200 кызматкерин бошотмоюнча абактагы бир дагы исламчы кое берилбестигин билдирди. Мындай кескин талап жетишерлик жумшак экенин белгилей кетүү керек, талибдер демилгени колдон чыгарып отуруп калбайт.

"Талибандын"* ийгиликтүү аракеттерин баамдасак, өз ишмердигин кызуу жандандырууда, аларды афган жергесинде чектеш Тажикстан жана Өзбекстандан келген "санаалаштары" түздөн-түз колдоп жатат. Кандайдыр бир "Ислам эмиратынын" түптөлгөнүн байкоодобуз, ойлорундагы чек аралар Борбор Азиядагы мамлекеттик чек араларга таптакыр дал келбеши мүмкүн.

"Талибандын"* кыжыры кайноодо

Бириккен улуттар уюмунун Афганистанга жардам көрсөтүү боюнча миссиясынын жакындагы эле докладында согуштук аракеттердин натыйжасында 2020-жылдын биринчи кварталында 533 жай жаран набыт болгонун, анын 150сү балдар экени айтылат. Бул учурлардын 55 пайызына – жарандык жактардын өлтүрүлүшүнө куралданган мыйзамсыз түзүмдөр жооптуу. 533 кишинин өлүмүнүн 39 пайызы боюнча талибдер айыпталса, тынч жарандардын өлүмүнүн 13 пайызына "Ислам мамлекети"* террордук тобунун аракеттери себеп болгон. Өкмөткө караган күчтөр бул учурлардын 32 пайызына жоопкерчиликти алат (мында "өкмөттүн алдындагы күчтөрдүн", бул атты кимдер жамынып жүрсө да, натыйжалуулугу туурасында маселе жаралышы мыйзам ченемдүү).

Афганистанда зордук күч алып жаткан учурда талибдер өздөрү тескеген райондордо жарандык жоготуулар жокко эсе экенин белгилей, кыжырдануу менен жооп кайтарууда.

"Талибан"* тобунун расмий өкүлү Забихулла Муджахид: "Афган Ислам Республикасынын жай калкынын өлүмү туурасындагы БУУ доклады "америкалык жана Кабулдагы администрациялык күчтөрдүн, чалгын кызматы, полиция жана милициянын тынч жашоочуларга каршы, жай калктын санын кемитүү жолу жана мындай жоготуулардын 39 пайызын Ислам эмирлигинин моджахеддерине шылтоо менен ар күнкү кылмыштарын жаап-жашыруу" гана аракети" – деп билдирди.

АКШнын аскери Дех Бала коңшулугунун бекетинде. Нангархар облусу, Афганистан. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШ менен "Талибандын"* элдешүүсү. Таяктын экинчи учу жана Афганистандын тагдыры
Улуттук коопсуздук кеңешинин маалыматы боюнча, АКШ менен Дохада 29-февралда түзүлгөн тынчтык келишими кол коюлган күндөн тарта талибдер күнүнө орточо 55 чабуул жасап турган. Афган улуттук коопсуздук жана коргоо күчтөрү (ANDSF) аларга жооп катары "Талибанга"* каршы 1200 операция жүргүзгөн.

Улуттук коопсуздук дирекциясынын жетекчиси Ахмад Зия Сараж "талибдер дагы деле бийликке согуштук каражаттар менен кайтууга ниеттенет, өз ара сабырдуулук жана тынчтыкты алар баалап да коюшпайт. Анткен менен талибдердин бөлөк террордук топтор менен мамилеси тыгыз жана өз ара пайдалуу бойдон. Бул Кошмо Штаттар менен түзүлгөн тынчтык келишимине карама-каршы келет" деген пикирде.

Афганистандагы 407 райондун 133үнө үстөмдүк кылса да, согуш талаасында "Талибан"* жеңишке жете албасы анык. Аягы көрүнбөгөн маңызсыз согуш дале уланып келет.

* – Россия жана бир катар өлкөлөрдө ишмердигине тыюу салынган террордук уюмдар

Жаңылыктар түрмөгү
0