Диетологдор: канттын ордуна колдонулчу заттар арыктатпайт

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүСахар
Сахар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистердин айтымында, канттан толугу менен баш тартуу кыйын. Аны алмаштырчу заттарды туура, ченеми менен колдонсо гана максатка акырындап жеткирет.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Калориясы аз деп эсептелип канттын ордуна колдонулган сахарин, цикламат, аспартам, сукралоза, асцесульфам К, стевия заттарынын арыктатчу касиети жок. Бул тууралуу испаниялык диетологдорго таянуу менен РИА Новости жазды.

SinAzucar.org (испан тилинен "кантсыз" деп которулат — ред.) долбоорунун түзүүчүсү Антонио Родригестин айтымында, уруксат берилген мындай заттар туура жана канттан бара-бара баш тартуу үчүн пайдаланылса зыянсыз. Бирок арыктоо үчүн алар жардам бербейт, диета кармоо оң.

"Йогурттун же буламыктын даамын чыгаруу үчүн жер-жемиш, мисалы, банан кошуп алуу туура", — деген дагы бир диетолог Мигел Лопес Морено.

Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дайым жаш болом десеңиз... Адистер карылыкты алдын алчу диетаны аташты
Ал көпчүлүккө белгилүү болгон сахарин, цикламат, аспартам, сукралоза, асцесульфам К, стевия заттарынын баары химиялык реакциянын негизинде алынарын белгилеген.

Диетологдордун айтымында, канттан толугу менен баш тартуу кыйын. Аны алмаштырчу заттарды туура, ченеми менен колдонсо максатка акырындап жеткирет. Эксперттер кээде адамдар калориясы аз тамактар пайдалуу деп эсептеп, өзүн андан чектебей калып зыянга учураганын эскертишти.

Жаңылыктар түрмөгү
0