Америкалык актер Том Хэнкс аялы экөө коронавирус жуктуруп алганын айтты

© REUTERS / Monica AlmeidaГолливудский актер Том Хэнкс со своей супругой Ритой Уилсон
Голливудский актер Том Хэнкс со своей супругой Ритой Уилсон  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актер менен жубайы ден соолугу начарлап, вирустун симптомдору байкала баштаганда тест тапшырышкан. Анын жыйынтыгы коронавирус бар экендигин көрсөткөн.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Америкалык актер Том Хэнкс өзү жана аялы короновирусту жуктуруп алганын билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жубайы экөө тапшырган тест вирус бар экендигин көрсөткөн.

"Салам, достор. Азыр Рита экөөбүз Австралиядабыз. Биз чарчаңкы тартып, жөтөлүп, денелерибиз бир аз ооруп жатканын сездик. Рита улам чыйрыгып, калтырап жатты. Мындан улам тест ташырганыбызда, бизде коронавирус бар болуп чыкты", — деген Хэнкс Twitter баракчасы аркылуу.

Гонконгкто шаардыктар медициналык маскачан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чукул кабар! Коронавирус пандемиясы жарыяланды
Том Хэнкс кино сүйүүчүлөргө "Большой", "Форрест Гамп", "Спасти рядового Райана", "Изгой", "Чудо на Гудзоне" жана башка тасмалары менен таанымал. 2016-жылы ошол кездеги АКШ президенти Барак Обама Хэнкске президенттик эркиндик медалын тапшырган.

Кечээ, 11-мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Аталган вирус декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.

Бүгүнкү күндө коронавируска 126 136 адам чалдыгып, 68 219 бейтап сакайды. Ал эми өлгөндөрдүн саны 4 630га жетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0