"Согушту Америка баштады". Иран АКШнын аскерий объектилерине сокку урарын айтты

© AFP / ANWAR AMROМитинги после убийства иранского генерал-майора Касема Сулеймани
Митинги после убийства иранского генерал-майора Касема Сулеймани - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иран лидеринин аскерий кеңешчиси АКШ өз аракетине тийиштүү жооп алышы керектигин айтып, Трамптын сөзүн да жөн калтырган жок.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Иран лидеринин аскерий кеңешчиси Хосейн Дехган CNN телеканалына маек куруп жатып, өлкө АКШнын аскерий объектилерине сокку урууга камынып жатканын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Согушту Америка баштады. Ошондуктан өз аракети үчүн татыктуу жооп алышы керек", — деди ал.

Дехгандын айтымында, жооп Ирандын куралдуу күчтөрү менен жасалат. Ал Трамптын 52 объектиге чабуул жасалары тууралуу айткандарын да жөн калтыран жок.

"Ал 52 десе, биз 300 дейбиз. Колубуздан келет", — деди кеңешчи.

Дехган чырдын башталышына дал АКШ күнөөлүү экенин да белгиледи.

"Согуштун бул бөлүгүн америкалыктардын жасаган соккусуна тете жооп алышы гана токтотот", — деди ал.

Чырдын себеби

Россиянын президенти Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Роухани. Архив - Sputnik Кыргызстан
Америкалык серепчи: Иран менен АКШны Путин гана эсине келтире алат
Эскерте кетсек, Иран менен АКШнын ортосундагы конфликт генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшүнөн кийин чыккан. 3-январда Пентагон АКШ Багдаддагы аба майданда Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктаган. Каза болгондордун арасында Сулейманиден тышкары кошуун жетекчисинин орун басары Абу Махди аль-Мухандис менен дагы төрт офицер болгон. Аль-Мухандисти АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео 31-декабрда Багдаддагы Американын элчилигиндеги кол салууга күнөөлөгөн. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани генералдын өлүмү үчүн өч алууну убадалаган. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мамлекеттик катчы Майк Помпеого АКШ генералды өлтүрүү менен эл аралык укукту бузганын айткан. Ал эми Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышканын билдиришкен.

Сулейманинин өлүмүнөн кийин миңдеген ирандыктар митингге чыккан.

Ирак бийлиги болсо өлкө аймагындагы америкалык аскерлердин ишмердүүлүгүнө чектөө киргизген чечим кабыл алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0