Путин менен Макрон ирандык генералдын өлүмүнө тынчсызданууда

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Франция башчыларынын пикиринде, АКШнын мындай аракети Жакынкы Чыгыштагы абалды кескин курчутуп жибериши мүмкүн.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын башчысы Эммануэль Макрон АКШнын ракеталык соккусунан каза тапкан ирандык генерал Касем Сулейманинин өлүмүнө кабатыр болуп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости Кремлдин маалымат кызматына шилтеме берип жазды.

Жума күнү, 3-январда, эки өлкөнүн башчысы телефондон сүйлөшкөн. Маек француз тараптын демилгеси менен жүргүзүлгөн.

"Эки тарап тең АКШнын ракеталык соккусунан улам Багдад аэропортунда каза тапкан атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулейманинин өлүмүнө бушайман болуп жатканын билдиришти. Анда жаралган нааразычылык аймактагы абалды курчутуп жибере турганы айдан ачык болуп калганы айтылды", — дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, 3-январь күнү эртең менен Багдаддагы аба майданда ракетанын чабуулунан Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулеймани менен кошуундун орун басары Абу Махди аль-Мухандис каза тапкан. Мындан тышкары, Ирандын төрт офицери көз жумган.

Рабочий визит президента РФ В. Путина в Японию для участия в саммите Группы двадцати - Sputnik Кыргызстан
Трамп Путинге чалып, Россияда пландалган терактылардын алдын алууга жардам берди
Пентагон АКШ Сулейманиге каршы операция жүргүзгөнүн тастыктап, сокку президент Трамптын буйругу менен аткарылганын жарыялады. Вашингтон Сулейманини Багдаддагы Американын элчилиги менен коалициянын базасындагы кол салууларга тиешеси бар деп эсептейт.

Ирандын саясий жана аскерий жетекчилиги бул окуяга үн катты. Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи менен президенти Хасан Рухани Сулейманинин өлүмү үчүн өч алууну убадалады. Өз кезегинде Американын президенти ирандык генералды миллиондогон адамдын, анын ичинде ирандыктардын өлүмүнө күнөөлөдү. Ошондой эле Трамп Касем Сулеймани миңдеген америкалыктарды өлтүрүп же жабыр тарттырганын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0