Европа үчүн кооптуу прецедент: Киселев Sputnik Эстонияны коркутуу боюнча айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүП/к по итогам национального проекта "Винный гид России - 2019"
П/к по итогам национального проекта Винный гид России - 2019 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Sputnik Эстония агенттигине кысым көрсөтүү кооптуу көрүнүш. Бул нерсе бүткүл Европага жайылышы мүмкүн. Мындай пикирин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Дмитрий Киселев "Россия 1" телеканалындагы "Вести Недели" берүүсүндө билдиргенин РИА Новости жазды.

"Андыктан Sputnik агенттигинин Таллиндеги макамы — катардагы эле маселе эмес, жалпы континентке принциптерди иштеп чыгуу”, — деди ал.

Киселев Таллиндин жеке өзүнө 2014-жылы берилген Европа биримдигинин санкцияларын бетке карманган россиялык ЖМКлардын журналисттерине каршы аракеттерине өзгөчө көңүл бурду. Журналисттин пикири боюнча персоналдык санкцияларды эч качан көбүртүп-жабыртып башкаларга дагы жайып жибербеш керек.

"Мындай жол менен эстониялыктар медиахолдингдин жетекчиси жана ишкананын өзүнө персоналдык санкция жарыялагысы келип жатат. Бул мамлекеттик ишкана, анын бюджети менин жеке бюджетим эмес”, — деди жетекчи.

Өзүнүн айтымында, анын Европа банктарында жеке эсеби жок.

Буга чейин Эстония бийлиги Sputnik Эстониянын журналисттерине кысым жасап, полиция эгер алар иштен бошонуп кетпесе кылмыш ишин ачууну айтып коркутканы белгилүү болгон. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматынан кабарлашкан.  

Таллин мындай кадамын Евробиримдик 2014-жылы Украинада болгон окуялардан кийин жеке жана юридикалык жактарга салган санкцияларга негиздеген.

Россия президенти Владимир Путин 19-декабрда Sputnik Эстония агенттигине карата жергиликтүү бийликтин кысымы тууралуу айтып жатып, журналисттердин маалыматынан корккон өлкөлөрдө иштөө үчүн медиа өкүлдөрүнө жакшылап шарт түзүп берүү керектигин айткан

ЕККУнун символикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Sputnik Эстониядагы кырдаал. ЕККУнун өкүлү бийликке кайрылды
"Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттигинин, RT жана Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян эстон жана орус тилдеринде сүйлөп, өлкө президенти Керсти Кальюлайдды Sputnik Эстониядагы кырдаалга көңүл буруп, журналисттердин камалып кетишине жол бербөөгө чакырган.

РФ президентинин алдындагы Атуулдук коомду өнүктүрүү жана адам укугу кеңешинин башчысы Валерий Фадеев бул маселе боюнча ЕККУнун ЖМК боюнча өкүлү Арлем Дезиргу менен Адам укугу боюнча Европа кеңешинин комиссары Дуне Миятовичке кайрылган.

ЕККУнун ЖМК боюнча өкүлү Арлем Дезир эстон бийлигине кайрылып, журналисттердин ишине чектөө коюу аракеттерин токтотууга чакырган.

Эстония — Балтика боюндагы Sputnik кеңсеси жана толук кандуу редакциясы бар бирден-бир өлкө. Жамаат 35 кишиден турат, алардын 33ү "Россия бүгүн" агенттигинин эмгек келишими менен иштеген Эстония жарандары. Агенттик ай сайын мамлекеттин бюджетине салык төлөмдөрүн чегерип турат. Бул 30 миң евронун тегерегиндеги сумма.

Жаңылыктар түрмөгү
0