18:30 06 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Уктап жаткан кыз. Архив

Адам эмнеге жаман түш көрөт? Адистин түшүндүрмөсү

CC BY 2.0 / Quinn Dombrowski / Dreaming of Andy
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1810 0 0

Эксперимент учурунда психиатрлар менен неврологдор атайын жабдуу аркылуу жаман түш көргөн адамдар ойгоо кезинде кандайдыр бир терс көрүнүшкө аша чаап тынчсызданбаганын аныкташкан.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Уктап жатып кыйналуу, жаман түш көрүү адамдын ойгоо кездеги терс маанайы, тынчсыздануусу менен байланыштуу. Бул тууралуу Женева университетинин окумуштуулар тобунун иликтөөсү боюнча жазылган макалада айтылат.

Адистер уйкудагы адамдын мээси кандай иштей турганын билүү үчүн эки эксперимент жүргүзүшкөн. Анын биринде уктап жатканда коркуу сезиминин пайда болуусу менен байланышкан мээ кыртышынын эки бөлүгүн — аралча жана мээнин буткулун аныктап чыгышкан.

Акыл-эс жана эмоциялардын пайда болуусу менен байланышкан бөлүгү аралча болсо, кооптуулук жаралган кезде жүрүм-турумга жана кыймыл реакцияларына жооптуу болгон бөлүгүн мээнин буткулу дешкен. Бул эки бөлүк адам корккон кезде активдешери мурунтан эле белгилүү болуп келген. Эми окумуштуулар мээ кыртышынын ушул эле бөлүктөрү адам уктап жатканда да "иштей турганы" анык болду.

Экинчи эксперимент учурунда психиатрлар менен неврологдор атайын жабдуу аркылуу жаман түш көргөн адамдар ойгоо кезинде кандайдыр бир терс көрүнүшкө аша чаап тынчсызданбаганын аныкташкан. Мындан улам уктап жаткандагы кыйналуу менен ойгоо кездеги стресске болгон реакциянын тыгыз байланышы бар деген бүтүмгө келишкен.

Ал эми "Выше радуги" нейро-психологиялык борбордун адиси, нейропсихолог Кубат Каниметов түш жашоонун күзгүсү экенин айтып, жакшысын да, жаманын да көз жаздымда калтырбаш керек деген пикирде.

"Медицинанын тили менен айтканда жаман түш адамдын жашоосунда кез болгон терс көрүнүштөргө байланыштуу болот. Киши ооруса да жаман түш көрөт. Көбүнесе калкан бези ооругандар, гормоналдык бузулуулардан жабыркагандар кыйналат. Мындан тышкары, бүгүнкү күндө адамдар негизи эле аз уктап калышты. 8-10 саат уктаган киши жок. Уйкусу канбаган адам эс албайт, организми дем-күч алууга жетишпей калат", — деди Каниметов.

Уйку жакшы канып, жаман түш көрбөш үчүн адис режимди туура сактап, терс адаттардан арылып, тамакты тандап ичүү сыяктуу жөпжөнөкөй кеңештерди сунуштайт.

Тема боюнча

Боор рагынын алгачкы белгиси айтылды. Иликтөө
Уйкусу канбаган адамдын психикасы өзгөрөт. Иликтөөнүн жыйынтыгы
Белгилер:
уйку, иликтөө, Окумуштуулар, түш, адам

ЭҢ МААНИЛҮҮ