Жалгыздыктан тажаган IT-адис өзүнө таанышуу сайтын ачып алды. Британиядагы окуя

© AP Photo / L.G. PattersonНоутбукта иштеп жаткан адам. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шахан Миа аттуу жигит жашы 30дан ашканына карабай бир дагы кыз менен туруктуу мамиле кура алган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. IT тармагында иштеген 30 жаштагы британиялык жигит түгөйүн табуу үчүн теле-шоуларга катыша берип, акыры жадаганда өзүнүн таанышуу сайтын жасап чыкты. Бул тууралуу Metro басылмасы жазды.

Шахан Миа аттуу жигит жашы 30дан ооп баратканына карбай бир дагы кыз менен туруктуу мамиле кура алган эмес.

"Мындан улам мага окшогон жалгыз бой, түгөй издегендердин арасынан сүйүктүүм чыгып калабы деп телеканалдардагы тааныштыруу долбоорлоруна катышып көргөм. Айрымдарына мени чакырышса, айрымдарына анкетам такыр эле жетпей калчу экен. Андыктан өзүм таанышуу сайтын ачууну чечтим", — дейт ал.

Date Shahan ("Шахан менен жолугушуу") деп аталган бул сайтка азырынча өзү тууралуу маалыматтарды жайгаштырып түгөй издеп жатат. Бирок ал аркылуу максатына жете алса, башкалардын багын ачуу үчүн бул баракчаны кийин дагы улантып иштете берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0