01:34 20 Бугу 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR78.0539
  • RUB1.0807
WhatsApp тиркемеси. Архив

WhatsApp тиркемеси айрым уюлдук аппараттарында иштебей калат. Тизме

© REUTERS / Dado Ruvic
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
1861 0 0

Windows Phone системасынын базасындагы аппараттын ээлери WhatsApp тиркемесин 2019-жылдын 31-декабрына чейин колдоно алат.

БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Жакында WhatsApp тиркемеси айрым телефон аппараттарында ачылбай калат. Бул тууралуу компаниянын расмий блогунда кабарланды.

Маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрына чейин тиркеме Microsoft компаниясынын Windows Phone операциялык системасы орнотулган аппараттарда ачылбай калат. Ошондой эле мессенджер Android жана iOS смартфондорунун эски версияларында да иштебейт.

2020-жылдын 2-февралынан тарта тиркеме Android смартфондорунун 2.3.7 жана андан эскирээк версияларында, iOS смартфонунун 7 жана андан эски версияларында ачылбай калат.

Тема боюнча

WhatsApp спам менен айың кепти ооздуктоочу опцияны ишке киргизди
Белгилер:
тиркеме, WhatsApp

ЭҢ МААНИЛҮҮ