Сот Вышинскийди абакта 22-июлга чейин калтырды

© Sputnik / Стрингер / Медиабанкка өтүүРуководитель портала "РИА Новости Украина" Кирилл Вышинский (второй слева) выступает в Подольском районном суде Киева, где рассматривается обвинительный акт в его отношении.
Руководитель портала РИА Новости Украина Кирилл Вышинский (второй слева) выступает в Подольском районном суде Киева, где рассматривается обвинительный акт в его отношении. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вышинский былтыр 15-майда өзүн эгемен республика катары тааныган Донбассты колдогон жана мамлекетке чыккынчылык кылган деген айып менен кармалган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Киевдеги Подольский соту "РИА Новости Украина" порталынын жетекчиси Кирилл Вышинскийдин абакта калуу мөөнөтүн дагы узартты. Бул туурасында РИА Новости анын жактоочусу Андрей Доманскийге таянып кабарлады.

"Анын абакта калуу мөөнөтүн сот 22-июлга чейин узартты. Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча сунушту кабыл алуудан баш тартты", — деген адвокат.

Акция в поддержку Кирилла Вышинского у посольства Украины - Sputnik Кыргызстан
Москва: Вышинскийдин тилектештери Украина элчилигине барып акция өткөрүштү
Эске салсак, Украинанын Башкы прокуратурасы 2015-жылы Россиянын жарандыгын алган, "РИА Новости Украина" агенттигинин журналисти Кирилл Вышинскийди 15-май күнү колго түшүрүп, аны мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен жоопко тарткан. Вышинскийди 15 жылга эркинен ажыратуу каралган.

Херсон соту аны 17-майда камакка алуу чечимин чыгарган. Журналист Россия лидери Владимир Путинге жардам сурап кайрылган. РФ президенти анын камакка алынышын сындап, Москва Киевге басма сөз өкүлдөрүн басым көрсөтүүнү токтотууну талап кылган нота жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0