Кан басымды түшүргөн азык-түлүктөр аталды. Тизме

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота Ошского рынка в Бишкеке
Работа Ошского рынка в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер курамында калий бар азыктар көбүнчө бөйрөгү ооруган адамдарга пайдалуу экенин айтышкан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кан басымдын жогорулашы башка ооруларды пайда кылып, өрчүтүшү мүмкүн. Ошондуктан аны бир калыпта кармап, дары-дармексиз түшүргөндү билүү керек. Бул тууралуу "Известия" жазды.

Басылма сурамжылоо жүргүзүп, дарыгерлер көтөрүлгөн кан басымды кандай азык-түлүктөр түшүрөрүн айтып беришкен.

Маалыматка ылайык, адам тузду азыраак пайдаланып, курамында калий бар азыктарды көп жеши керек. Аталган элемент организмдеги суюктукту бөлүп чыгаруу менен кан басымды нормага келтире алат.

"Калий көбүнчө таттуу картофелде, банан, томат соусунда жана апельсин ширесинде болот. Бирок калийди көп колдонуу да зыян, ошондуктан аны абайлап пайдалануу керек", — деп жазылат маалыматта.

Инсульт боюнча изилдөөчү Азиза Исмаилова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Исмаилова: инсультка кабылбаш үчүн төрт эрежени сакташ керек
Дарыгерлер курамында калий бар азыктар көбүнчө бөйрөгү ооруган адамдарга пайдалуу экенин айтышкан.

Белгилүү болгондой, бул азык-түлүктөрдөн тышкары көтөрүлгөн кан басымды түшүрүүгө дене тарбия көнүгүүлөрү да жардам берет.

Күнүнө эки саат сайын бат-баттан кыймылдап туруу жүрөк-кан тамыр системасын өз калыбында кармап жүрүүгө жардам берип, ашыкча салмактан арылтып, кан басымды жөнгө салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0