Россиядагы чет элдиктер айдоочулук күбөлүгүн алмаштырышы керек. Жаңы эреже

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүАйдоочулук күбөлгүгү. Архив
Айдоочулук күбөлгүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул талап бардык эле чет элдиктерге тиешелүү эмес, маселен, кыргызстандыктар алмаштырып убара болбойт.

БИШКЕК, 20-дек. — Sputnik. Россиянын Автомобиль боюнча мамлекеттик инспекциясы Россиянын аймагында жүргөн бардык чет элдиктер аталган өлкөдөн айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу боюнча мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Астана шаарында Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев менен жолугушуу уручунда - Sputnik Кыргызстан
Медведев: Кыргызстан менен товар алмашуунун көлөмү көбөйдү
Маалыматты агенттикке Россиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекциянын өкүлү Николай Гиляков билдирген.

Ал Россиянын коомдук палатасында сүйлөп жатканда мыйзам долбоорунда күбөлүктү 6 айдын ичинде алмаштыруу белгиленгендигин айткан. Гиляков талап бардык эле чет элдиктерге тиешелүү эмес, маселен, кыргызстандыктар алмаштырып убара болбойт деген.

"Бул эмгек ишмердүүлүгүн чет элдик айдоочулук күбөлүктүн негизинде аткарып жүрүүгө укугу барларга тиешелүү эмес (Кыргызстан, андан сырткары, расмий тил орус тили болгон мамлекеттер). Жашап турууга уруксат кагаз алгандан кийин окуп жана күбөлүктү алмаштырууга алты ай берилет. Бул күбөлүктү чет өлкөдөн алган россиялыктарга да тиешелүү. Россиянын чек арасын кесип өткөндөн алты айдан соң алмаштырышы керек", — деген ал.

Июль айында Россиянын президенти Владимир Путин кыргызстандыктарга улуттук күбөлүк менен РФтин аймагында транспорт башкарып жүрүүгө укук берген атайын мыйзамга кол койгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0