Улуу Британияда соттун чечими менен бейтаптын буту кесилмей болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОперацияга даярданып жаткан хирург. Архив
Операцияга даярданып жаткан хирург. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. Улуу Британияда сот бутун кестирбейм деген бейтаптын өтүнүчүн четке кагып, дарыгерлердин арызын канаттандырганын The Independent басылмасы жазды.

Жизнь в городе Александрия - Sputnik Кыргызстан
АКШ тургуну таттуу кебез үчүн камалганын айтып полицияны сотко берди
Ага ылайык, эркек киши буту ириңдеп ден соолугуна коркунуч туудурганына карабай аны кестирип салуудан баш тарткан. Британиянын мыйзамдарына ылайык, дарыгерлер бейтаптын макулдугу жок ага медициналык жардам көрсөтө алышпайт.

Андыктан оорукананын жетекчилиги сотко кайрылган. Ишти карап чыккан сот бейтап өзүнө кандай жардам керектигин чече албай турганын жана акылы жагынан мандем бар деген өкүм чыгарган. Ошентип дарыгерлердин арызы канааттандырылып, оорулуу кишинин буту кесилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0