Путин Москвадагы концертте шайлоочуларга эмне деп кайрылды?

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин посетил митинг-концерт в Москве, посвященный годовщине воссоединения Крыма с Россией
Президент РФ В. Путин посетил митинг-концерт в Москве, посвященный годовщине воссоединения Крыма с Россией - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин Россиянын элине биримдикти сактоо керектигин баса белгиледи

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Крым менен Россиянын биригишинин урматына арналган концертте 18-марттагы шайлоодо ага добуш бергендерге ыраазычылык билдирди.

Учурдагы президент башка атаандаштарынан бир топ эле алдыда келе жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала жыйынтыгы боюнча протоколдордун 40 пайызы эсептелип, Путин 74,22 пайыз менен алдыда.

"Рахмат, жыйынтык үчүн рахмат", — деди Путин.

Ал өз сөзүндө келечек тууралуу ойлонууга чакырды.

"Мамлекетибиздин, балдарыбыздын келечегин ойлошубуз керек. Ошондо гана биз ийгиликке жете алабыз", — деди президент.

Россиянын президенти Владимир Путин добуш берүү учурунда - Sputnik Кыргызстан
Россиядагы президенттик шайлоодо Путин алдыга чыкты. БШКнын алдын ала жыйынтыгы
Путин ошондой эле алдыга өнүгүү үчүн биримдикти сактоо керектигин айтты. Андан сырткары президенттик шайлоонун жыйынтыгы акыркы жылда жасалган иштерди таануу жана ага элдин көрсөткөн ишеними экенин кошумчалады.

Президенттикке сегиз киши талапкер болгон. Алар: Сергей Бабурин, Павел Грудинин, Владимир Жириновский, Владимир Путин (азыркы президент), Ксения Собчак, Максим Сурайкин, Борис Титов жана Григорий Явлинский. 

Россияда болгон президенттик шайлоого Кыргызстанда жашап жаткан РФ жарандары кандай катышканын видеодон көрүңүз.

Жаңылыктар түрмөгү
0