Парацетамол тукум улоого эмнеси менен кооптуу? Окумуштуулардын иликтөөсү

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОткрытие технологического центра "Новамедика"
Открытие технологического центра Новамедика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер парацетамолдун негизинде жасалган дарыларды ичкен адамдардын жыныстык гормондору азайып кетээрин байкашкан

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Парацетамолдун негизинде жасалган дары-дармектер адамдын тукум улоо функциясына жана түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Бул тууралуу EBioMedicine журналына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окумуштуулар бир нече жылдар бою жашы 18ден өткөн 455 адамга изилдөө жүргүзүшкөн. Ошондой эле европалык 1880 эгиздер жана 1235 адамдын ден соолугу боюнча архивде сакталган маалыматтар колдонулган.

"Адистер парацетамолдун негизинде жасалган дарыларды ичкен адамдардын жыныстык гормондору азайып кетээрин байкашкан. Бул жыныстык функциянын бузулушуна алып келет. Ошондой эле кош бойлуу аялдар парацетамол ичкен кезде бойдон түшүү коркунучу же түйүлдүктүн нерв системасынын өнүгүшүндө көйгөйлөр пайда болушу мүмкүн", — деп айтылат макалада.

Дары-дармектер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Грипп аялдарга караганда эркектерди эмне үчүн дароо төшөккө жыгары айтылды
Парацетамол — көтөрүлүп кеткен дене табын калыбына келтирүүчү каражат.

Баса, эркектерди тукумсуз кылган оорулар тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук госпиталдын урология жана андрология кафедрасынын башчысы Болотбек Рысбаев айтып берген. Адистин пикиринде мындай илдеттердин жети түрү бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0