Балага зар болдум... Эркектерди тукумсуздукка жеткирген 7 оору

© AFP / ORLANDO SIERRAЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркектер арасында тукумсуздук жыл өткөн сайын күч алууда. Эгер 15-20 жыл мурда бул маселе менен эркектердин 20 пайызы гана кайрыдса, азыр дартка чалдыкка мырзалардын саны аялдар менен тең.

Мындай пикирин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Улуттук госпиталдын урология жана андрология кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Болотбек Рысбаев маек куруп жатып айтты.

© Sputnik / Гулдана ТалантбековаГлава кафедры урологии и андрологии в национальном госпитале КР Болотбек Рысбаев
Глава кафедры урологии и андрологии в национальном госпитале КР Болотбек Рысбаев  - Sputnik Кыргызстан
Глава кафедры урологии и андрологии в национальном госпитале КР Болотбек Рысбаев

Дарыгер эркектер арасындагы тукумсуздуктун негизги себептери жана андан арылуунун жолдору тууралуу да маалымат берди.

Эркекти касиетинен ажыраткан — гипогонадизм оорусу

30 жашты чамалаган жигит келди. Анын кууш ийининен, ийрисинен тарткан жамбаш сөөгүнөн, назик кирилдеген үнүнөн эле маселе эмнеде экендигин түшүндүм… Жок, бул жигит гомосексуал эмес эле. Эл катары түтүн булатып бала жытына зар болуп жүргөн эркек экен. Бир тууганынын айтканын угуп бизге келгени жакшы болуптур. Медициналык текшерүүдөн кийин гипогонадизм диагнозун койдук.

Ооруканадагы ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көз көрбөй, кулак укпай, акылдан тайып каласың... Дарыгер менингит тууралуу
Гипогонадизм – бул эркектин организминдеги тестостерондун азайып кетиши. Тестостерон — биологиялык жактан адамды эркек кылган гормон. Тестостерондун төмөндөшү менен эркектердин булчуңу кичирейип, сөөгү борпоң тартып, жыныстык органдарынын өсүп-жетилүүсү жайлайт. Бул гормон аз болсо эркектик урук безинин иштеши төмөндөп, а түгүл эркектер тукумсуз болуп калышы ыктымал.

Гормондун төмөндөп кетишине инфекциялык оорулардын жугушу себепкер. Алгач гормондун деңгээлин так аныктап, андан кийин дарыгердин көзөмөлүндө дары-дармек аркылуу сакайышат.

Бейтап жигит азыр дарыланып жүрөт. Чунак бала үйлөнүп да алыптыр. Бул эле эмес, бардык эркектер бүлө куруп, балалуу боло албай, жыл айлангандан кийин келишет. Келбей жүрө бергендердин көбү жубайларын күнөөлөшөт.

Бел суунун начарлап, алсыз болушу да тукумсуздукка алып келиши ыктымал

Негизинен эркектердин уругунун активдүүлүгү 60 пайыздан жогору болсо балалуу болуусу оңой. 40-30 пайыз орто, андан төмөн болсо начар деп аталат. Бел кубатынын төмөндөшүнө алкоголдук ичимдиктер, чылым чегүү, дары-дармектерди көп колдонуу, организмге тийиштүү витаминдин жетишсиздиги, ашыкча ысык-суукка кабылуу, кара күчтү ашыкча сарптоо, иммундук системанын жабыркашы жана жыныстык жол менен жуга турчу инфекциялар себеп.

Урук активдүүлүгүнүн пайызын аныктап алуу үчүн эркек спермограмма тапшырышат. Дарылоону консервативдик жолдор менен, башкача айтканда, дарылардын жардамы менен көтөрөбүз. Андан сырткары, жалпы кандын анализин алып, ормондорго анализ тапшыртып, жыйынтыгына жараша дарылоо сунуштайбыз.

Эркекти бүк түшүргөн инфекция, гидроцеле жана крипторхизм

Врач-онкоуролог Национального онкогологического центра Акылбек Керимов - Sputnik Кыргызстан
Мөндөлөк безинин рагына кабылган эркек асынып өлөм деген. Онкоуролог менен маек
Гонорея, трихомания, кандидоз сыяктуу инфекциялык жугуштуу оорулар да тукумсуздукка түздөн түз зыянын тийгизет. Мындай ооруга чалдыкпаш үчүн жеке мамиледе өнөктөштөрдү этият тандоо жана коопсуздук эрежелерин сактаган туура.

Гидроцеле — урук бези туруучу калтанын ичине суу толуп кетүү. Гидроцеленин тубаса же кийинчерээк ар кандай жаракаттардан улам пайда болот. Мында сөзсүз операция жасатып, толгон сууну алып салуу керек. Болбосо кийин жыныстык жактан шал, анан тукумсуз болуп калат.

Крипторхизм бул – жумуртка урук калтадан тыш болуп калышы. Түйүлдүктүн өсүү кезинде эркектин урук бези ич көңдөйдөн бөлүнүп, калтага акырындык менен түшөт. Ушул кезде ички же сырткы таасирлердин айынан бул процесс бузулат да, ал ич көңдөйдө же жука чурай каналында кармалып калат. Эркектик урук безинин экөө тең же бирөө калтага түшпөй калуусу мүмкүн. Өз ордунда болбой калгандыгы үчүн жумурткага доо кетип, бул кийин тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал.

Илдет аял кош бойлуу кезинде инфекцияларды жугузуп алганынан улам келип чыгат.

Крипторхизм бала төрөлгөндө эле байкалгандыктан диагноз коюу кыйынчылык жаратпайт. Дары-дармектин жардамы менен калыбына келтирсе болот. Эркектик урук бези калтага такыр эле түшпөсө, операция жасалат.

Эркекти алдан тайдырган простатит

Ооруканадагы бейтаптар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эркектер эрте же кеч үйлөнсө эмне болот? Уролог менен турмуштук маек
Простатит — эркектердин арасында кеңири тараган оору. Анда эркектердин жумуртка бези сезгенип, шишик пайда болот. Простатиттин өнүгүшүнүн негизги себеби организмде инфекциялык оорулардын көп болушу. Башка себептери организмдин ашыкча муздакка кабылуусу, алкоголдук ичимдиктер, физикалык жана моралдык стресс таасир берет. Жыйынтыгында уруктун сапаты начарлап, ал тукумсуздукту шарттайт.

Ооруга кабылган адам убакытты өткөзбөй, дароо урологго кайрылуусу кажет. Простатитти физиотерапия, ийне саюу, дары-дармек аркылуу айыктырашат.

Жыныс мүчөнүн варикациялык оорусу

Көпкө отурганда жамбаштан ылдый кан айлануу начарлап, тамырлардын ичкерип, шишип кетишине алып келет. Жыйынтыгында эркектин тестесторон гормону чыңалууга учурап тукумсуздукка кептелет. Илдет көбүнчө офисте иштеп, эртеден кечке маршруттук такси айдап, оор жүк көтөргөндөн, аз кыймылдуу жашоо образынан же жөн гана ныгырылып отургандан пайда болот.

Жыныстык мүчөнүн варикациялык оорусунун башкы стадиясында дары-дармек менен дарыланышат. Өтүшүп кеткен убагында хирургиялык операция жасалат. Варикоздук оору — тукумсуздуктун бирден бир себеби.

Жасалма инсеминация, ЭКУ жолдору аркылуу балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар

Эгер дары-дармек, операциялык жол тукумсуздук менен алышууга жардам бербесе, жасалма уруктандыруу сунушталат. Мындай ыкмалар учурда Кыргызстанда өнүгүүдө.

Хирург операция учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ашказан рагын айыктырса болобу? Онкохирург оорунун себеби, алдын алуу тууралуу
Жасалма инсеминация — эркектин спермасын аялдын жатынына жайгаштыруу менен бойго бүтүрүү. Алгач эркектин уругу лабораторияда тазаланып, тоңдурулат. Аялдын жумуртка клеткасы сперма менен кошулууга даяр болгон учурда тоңдурулган сперма аялдын жатынына атайын катетер шприцтин жардамы менен киргизилет.

Аталган ыкма эркектин спермасынын активдүүлүгү төмөн болсо, сперматозоиддердин саны аз болсо, ошондой эле эркектердин эрекциясы жок жана уругун түшүрө албаган учурда сунушталат. Ал эми аялдарда жатындын түтүгү бүтөлүп калган учурда, гормоналдык өзгөрүүдө тоңдурулган спермалар колдонулат.

Ал эми экстракорпоралдык уруктандыруунун (ЭКУ) ыкмасында аялдын бышып жетилген урук безин, ошол эле учурда эркектин да спермасын алып лабораторияда экөөнү бир пробиркага жайгаштырат. Пробиркада түйүлдүк пайда болгондон кийин ал аялдын жатынына салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0