Түркияда жарга кадалып калган учак ичиндеги ызы-чуу. Видео

© REUTERS / STRINGERСамолет Pegasus Airlines выкатившийся за пределы посадочной полосы после аварийной посадки в аэропорту Трабзона, Турция, 14 января 2018 года
Самолет Pegasus Airlines выкатившийся за пределы посадочной полосы после аварийной посадки в аэропорту Трабзона, Турция, 14 января 2018 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түркиянын Трабзон шаарындагы аэропортто Pegasus Airlines аба каттамынын самолету учуп-конуу тилкесинен чыгып кетип, жарга барып кадалып калган. Дагы бир аз болгондо учак деңизге түшүп кетмек.

Жүрөк үшүн алган окуя 13-январь күнү кечке жуук болгон. Анда Анкара — Трабзон PC8622 каттамы менен келген Boeing 737-800 учагы аба майданга конуп жатып бурулууга аракет кылган. Бирок күтүлбөгөн жерден учак конуу тилкесинен чыгып кетип деңиз жээгиндеги жарга такалып токтогон.

Аталган окуя болгон учурда тартылып калган видео интернетке жарыяланды. Андан учак ичиндеги жүргүнчүлөрдүн ызы-чууга түшүп сыртка чыгууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Самолеттун ичинде 162 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгон. Куткаруучулар ыкчамдык менен ичиндеги адамдарды эвакуациялаган. Жаракат алгандар болгон эмес.

Кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда. Учурда аэропорт штаттык режимде иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0