АКШнын Иерусалимди Израилдин борбору деп таанышы бир топ өлкөлөрдө каршылык жаратты

© REUTERS / Ronen Zvulun / File PhotoСША признал город Иерусалим столицей Израиля
США признал город Иерусалим столицей Израиля - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иерусалимдин бул макамы Израилдин коңшу араб мамлекеттери менен болгон мамилесиндеги эң курч суроолорунун бири

БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. АКШнын президент Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору деп расмий тааныды. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Ошентип, мунусу менен Трамп шайлоо алдында берген убадасына турду. Анын айтымында, 20 жыл бою президенттер Иерусалимдеги Америка элчилигин көчүрүүнү же аны Изарилдин борбору катары таанууну улам жылдырып келген. Трамп бул кадам тынчтыкка кедергисин тийгизет деп кооптонушкандыгын айтты. 

"Мен чечтим. Иерусалимди Израилдин борбору деп тааныганга убакыт келип жетти", — деген ал атайын кайрылуу менен чыгып жатып.

Трамп буга чейин Израиль менен Палестина элдешүүгө аракет кылып, кадам таштаган жок деген пикирин айтты. 

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трамптын бул чечимине ыраазылык билдирип, аны "каарман жана адилеттүү" кадам деп атады. Премьер-министр Иерусалимди борбор катары таануу "тынчтыкка жасалган маанилүү" кадам деп атап, калаадагы ыйык жерлердин макамын сактоого убада кылды. 

Запуск межконтинентальной баллистической ракеты в КНДР - Sputnik Кыргызстан
АКШ Түндүк Кореяга карата жаңы санкцияларды кабыл алат
Трамптын бул чечиминин шек-шыбаты угулганда эле Палестинанын улуттук администрациясынын (ПУА) жана башка мамлекеттердин нааразылыгы айтыла баштаган. ПУА жетекчиси Махмуд Аббас АКШ жетекчиси менен телефондон сүйлөшкөндө анын бул чечиминин кесепеттери тууралуу эскерткен. Махмуд Аббас Иерусалимди Израилдин борбору деп таауу дүйнөдөгү, аталган аймактагы тынчтыкка, кооптуулукка кедергисин тийгизиши мүмкүндүгүн айткан. 

Бул чечим Евробиримдикте (ЕБ) да бир топ түйшөлүүлөрдү жаратты. ЕБдин дипломатия башчысы Федерика Могерини, Улуу Британиянын өкмөт башчысы Тереза Мэй жана Германия канцлери Ангела МеркельТрамптын бул саясаты менен макул эместигин билдиришкен. Алардан сырткары, Түркия менен Египеттин президенттери да каршы чыгышкан. 

Иерусалимдин бул макамы Израилдин коңшу араб мамлекеттери менен болгон мамилесиндеги эң курч суроолорунун бири. Израиль Иерусалимди өзүнүн борбору деп эсептесе, Палестина аны өз мамлекетинин келечектеги борбору деп атап келет.

АКШнын Конгресси 1995-жылы Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу мыйзам кабыл алган. Анткен менен бул чечим улам кийинкиге жылдырылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0