Төшөк мамилеси уйкуга кандай таасир этерин илимпоздор иликтеп чыкты

© AP Photo / Jae C. HongПроституция в США
Проституция в США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илимпоз уктаар алдындагы жыныстык катнаш көйгөйлөрдү унутууга да жардам берерин кошумчалаган

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Австрияда Квинсленд университетинин доктору Мишель Ластелл уйку алдында төшөк кумарына батса, адам жакшы уктайт деген жыйынтыкка келген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги adelaidenow.com порталына таянып билдирди.

Төшөктө отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окумуштуулар төшөк мамилеси жүрөккө кандай таасир берерин айтышты
Анда илимпоз 18 жаштан 70 жашка чейинки курактагы 460 кишиден уйку алдында эмне кыларын жана андан кийин кандай уктаарын сурап көргөн. Жыйынтыгында изилдөөгө катышкандардын 64 пайызы уктаарда төшөк кумарына батканда уйкусу жакшы канарын айтышкан.

Ластеллдин айтымында, төшөк кумары окситоцин жана пролактин сыяктуу гормондор бар "биохимиялык коктейлдин" бөлүнүп чыгышын шарттап, стресске алып келчү кортизолду төмөндөтөт. Мындай абал адамды тынчтандырып, жеңилдетет.

Ошондой эле Мишель Ластелл уктаар алдындагы секс көйгөйлөрдү унутууга да жардам берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0