Сауд Аравиясында аялдарга машина айдоого уруксат берилди

© AP Photo / Claude ParisАйдоочу аял. Архив
Айдоочу аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сауд имамдарынын бири буга чейин "аялдардын акылы азыраак болгондуктан" аларга рулду ишенип бербеш керек деген пикирин айткан

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Сауд Аравиясынын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд аялдарга автоунаа айдоого уруксат берген Жарлык чыгарды. Бул туурасында РИА Новости аталган мамлекеттин ТИМине шилтеме кылып кабарлады.

"Падышанын Жарлыгы: жол кыймылы боюнча кызмат аялдарга автоунаа айдоого уруксат берет", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Конкурс красоты Мисс бикини — 2014 - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда аялдар бикини кийип жүрө турчу курорт пайда болот
Падыша ИИМ, Финансы, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрилигинин өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүп, аларга аялдарга рулга отурууга укук берген чараларды иштеп чыгууну тапшырды.

Сауд Аравиясы аялдардын укугун чектеген дүйнөдөгү эң консервативдүү өлкөлөрдөн бири. Акыркы мезгилдери падышалыктан ары-бери ташытып, эркектердин убактысын кетирбеш үчүн кыз-келиндерге айдоочулук укук берүүнү айтышкан.

Сауд имамдарынын бири "аялдардын акылы азыраак болгондуктан" аларга рулду ишенип бербеш керек деген пикирин айткан. Диний ишмердин бул билдирүүсүнөн кийин бийлик имамды диний иштен четтеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0