БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. Сауд Аравиясынын падышасы Салман бен Абдель Азиз Аль Сауд аялдарга автоунаа айдоого уруксат берген Жарлык чыгарды. Бул туурасында РИА Новости аталган мамлекеттин ТИМине шилтеме кылып кабарлады.
"Падышанын Жарлыгы: жол кыймылы боюнча кызмат аялдарга автоунаа айдоого уруксат берет", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.
Сауд Аравиясы аялдардын укугун чектеген дүйнөдөгү эң консервативдүү өлкөлөрдөн бири. Акыркы мезгилдери падышалыктан ары-бери ташытып, эркектердин убактысын кетирбеш үчүн кыз-келиндерге айдоочулук укук берүүнү айтышкан.
Сауд имамдарынын бири "аялдардын акылы азыраак болгондуктан" аларга рулду ишенип бербеш керек деген пикирин айткан. Диний ишмердин бул билдирүүсүнөн кийин бийлик имамды диний иштен четтеткен.