iPhone X аппаратынын жүз таануучу датчиги бет ачар учурунда иштебей калды. Видео

© REUTERS / Stephen Lam / File PhotoПрезентация iPhone X в Купертино
Презентация iPhone X в Купертино - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конференцияда iPhone X аппаратынан сырткары, iPhone 8, iPhone 8 Plus смартфондору дагы көрсөтүлдү

БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Apple компаниясы iPhone X жаңы смартфонун коомчулукка алып чыкканда анын адамдын жүзүн таануучу функциясы иштебей калганын The Verge порталы жазып чыкты.

Жаңы флагман телефон ээсинин жүзүн таануучу Face ID функциясы менен жабдылган.

Бул технологиянын артыкчылыктары жөнүндө компаниянын вице-президенти Крейг Федерини айтып берип жаткан. Ал Face ID кызматынын өзгөчөлүгүн көрсөтүүгө аракет жасаганда, жүз таануу датчиги иштебей койгон.

"iPhone X аппаратын оңой эле блоктон чыгарып койсо болот. Ал үчүн болгону телефонду тиктеп коюу керек", — деген Федеринини смартфон тааныбай койду.

Apple хочет зарегистрировать бренд по-русски — Яблоко - Sputnik Кыргызстан
Nokia Apple компаниясын немец жана америка сотуна берди
Видеотрансляциядан көрүнүп тургандай, экранга "Face ID кызматын блоктон чыгаруу үчүн сыр санды териңиз" деген жазуу чыккан.

"Дагы бир ирет аракет кылып көрөлү… Ого-го-го… башка девайска өтөлү", — деген вице-президент столдо турган башка аппаратты алганда ал заматта иштеп кеткен.

Конференцияда iPhone X аппаратынан сырткары, iPhone 8, iPhone 8 Plus смартфондору жана Apple Watch акылдуу кол сааттары дагы көрсөтүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0