00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Өлүмүш болуп арстандардын азуусунан кутулган иттин видеосу

Жазылуу
Жан керек болгон гиена тектүү жапайы ит өлүмүш болуп жатып калып, арстандардын азуусунан кутулган. Окуяны турист видеого тартып алган.

Бул туурасында National Geographic Россия сайты жазды.

Видео Ботсвана улуттук парктарынын биринде тартылган. Анын автору 50 жаштагы инженер Клаус Бемер (Klaus Boehmer) кызы экөө бул окуяга күбө болгондугун айтып берген. Туристтер гиена тектүү иттерге кызыгып, аларды жакындан көрүүнү максат кылышкан.

Туристтердин көзүнчө арстанга тирүүлөй жем болгон каман. Видео

Паркты аралап бара жатып, арстандарды көрүп аларга байкоо салган. Жырткычтар олжосун жеп жатканда гиена иттери аларга жакындап, кайра кетенчиктегенге арагасыз болгон. Бир учурда алдыдагы этке катуу берилгендиктен, ит арстандарга өтө жакын барганын байкабай калганын көрүүгө болот.

Жырткычтар иттерге кол салганда экинчиси качып кеткенге үлгүргөн. Анткен менен колго түшкөн итти жырткычтардын соо койбосу анык эле. Туристтер бир нече мүнөттөн кийин кыймылсыз жаткан жаныбарды байкашкан.

Азуулуу арстандар аны бир топко тиктеп туруп, ар кайсы тарапка басып кеткенин көрүүгө болот. Бир саамдан кийин ит кадимкидей башын көтөрүп, коркунуч алыста калганына ынанган соң жанталаша качып жөнөгөн. Кол салгандардын бири аны кууп, бирок жетпей калган.

Арстандарды байкабай калган гиена жырткычтарга жем болду. Видео

Видеодон туристтердин анын тирүү калганына кубанып жатканын байкоого болот. Анткен менен кечинде жатагына аксап кайткан ит ага берилген тамакка көңүл бурган да эмес. Арстандардын денесине матырылган тиши менен тырмагы бир топ алсыраткан.

Гиддердин айтымында, жырткычтардын азуусунан качып кутулган ит жарааттан кутула албай, бир нече күндөн соң өлүп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0