Кызыктай сезим тартуулайт. Кытайда коронавируска каршы жасалган иштердин видеосу

Жазылуу
Кытайдын мамлекеттик People"s Daily басылмасы интернетке Ухань шаарында коронавируска каршы дезинфекция жасалган учурлардын видеосун жарыялады.

Кытайда 50 миллионго жакын адам карантинге алынган. Бийликтин пикиринде, бет кап тагып жүрүү менен үйдө элден бөлүнүп алып отуруу өлүмгө алып келген вирустун жайылышын азайтат.

Анткен менен Кытайда изоляция болгон шаарларды дезинфекция кылууга буйрук чыгып, бул өпкөнү кагынткан козгогучтун тарашын алдын алат дешти.

Кадрдан атайын кийимчен кишилердин көчөлөрдө адистешкен жабдуулар менен вируска каршы заттарды чачып жатканын көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0