Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов күч структураларынын жетекчилерин машыгуу залына чогултуп, аларга мастер-класс өттү. Бул тууралуу "Хроника Туркменистана" басылмасы жазып, видеосун жарыялады.
Иш-чара 4-декабрь күнү болгон. Президент жетекчилерди Ашхабад шаарындагы Олимпиада шаарчасындагы машыгуу залына жыйнаган.
Кадрлардан көрүнүп тургандай, өлкө башчы ар бир көнүгүүнү өзү жасап көрсөтүп берип, кийин аны жетекчилер кайталайт.
Буга чейин Бердымухамедов генералдарга ок атуу боюнча сабак өткөн видео интернетке тараган.