07:48 17 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8099
  • EUR77.2028
  • RUB1.0937
Видео

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өрт чыкты. Видео

Кыскача шилтеме алуу
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (152)
270111
© Sputnik / Эркин Садыков

Кабарчыбыздын жеринен билдиришинче, өрт үйдүн короосунун 20 пайыздайын каптады.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө өрт чыкты. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевдин үйүнүн короосундагы кургак чөп менен камыш күйүп жатат.

"Өрт болжол менен короонун 20 пайызына жайылды. Жалын жакын тургун үйлөргө да жакындап баратат", — деди кабарчыбыз.

Бүгүн, 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнө атайын кызматтын аскерлери бастырып киришкен. Операция учурунда ок атылып, бир нече киши жаракат алган. Алардын айрымдары ооруканага жеткирилген. УКМК элге карата желим ок чыгарылганын билдирди.

Ал ортодо депутат Ирина Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин учурда кайда экенин айтты.

Азыр Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуздар

Тема:
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция (152)

Тема боюнча

Балдарыңызды алып чыгып кетиңиз! Карамушкина Жээнбековго кайрылды
УКМК Атамбаевди кармоо операциясы боюнча үн катты
Эмгек өргүүсүндөгү Сооронбай Жээнбеков Бишкекке келе жатат
Саламаттык сактоо министрлиги: Кой-Ташка 8 тез жардам унаасы жөнөп кетти
Белгилер:
Кой-Таш, Алмазбек Атамбаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ