Карамушкина Алмазбек Атамбаевдин кайда экенин айтты. Видео

© REUTERS / Vladimir PirogovМурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президенттин тарапташы видео кайрылуу жасады.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды" деген маалымат калп экенин айтты. Эл өкүлүнүн видео кайрылуусу Facebook тармагына жарыяланды.

"Бардык мамлекеттик каналдар Атамбаев кармалып, Кой-Таштан алынып чыкканын айтып жатышат. Атамбаев бул жакта, ал коргонуп жатат", — деди депутат.

Атайын даярдыктагы аскерлер Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө атайын операция жүргүзүүдө.

Учурда Кой-Ташта эмне болуп жатканын тексттик трансляциядан окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0