00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстанда жыл башынан бери 40 киши сууга чөктү. ӨКМдин эскертүү видеосу

Жазылуу
ӨКМдин кызматкерлери элге суу объектилеринде коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Куткаруучулар балдарга тыкыр көз салып, аларды суу жээгине таштап кетпөөгө чакырышууда. Ошондой эле маалымат баракчаларын таркатуу менен кооптуу делген объектилерге белгилер орнотулууда.

ӨКМ эмнелерге тыюу салынарын эскертти:

— сууга түшүүгө шарты жок жайлар — көлмө, жасалма көлмө, каналдар, дарыялар жана башка суу объектилери;

— "Кооптуу!", "Сууга түшүүгө тыюу салынат!", "Чумкууга тыюу салынат!" деген белгилер коюлган жерлерге;

— мас абалында сууга түшүүгө;

— балдарды кароосуз калтырууга;

— чектөө киргизилген чийиндерден өтүп сүзүүгө;

— мотору бар кайыктарга, кемелерге жана башка каражаттардын жанына сүзүп барууга;

— куткаруучу каражаттарды туура эмес колдонууга;

— тереңдиги, абалы белгисиз сууларга секирүүгө;

— сууда түрдүү оюндарды уюштурууга;

— сууга сүзүү үчүн унаанын тетиктерин, үйлөмө матрацтарды, тактайларды жана башка ушул сыяктуу буюмдарды колдонууга;

— пляжга итти же башка жаныбарларды алып келүүгө;

— таштанды таштоого.

ӨКМ биринчи жардам көрсөтүү тууралуу эрежелерди эскертет:

— жабыркаган адамдын башын капталына буруп оозун кумдан жана ылайдан тазалоо керек. Дем алуу органдарынан жана ашказандан сууну чыгаруу үчүн жабырлануучунун башын жерди каратып тизеге жаткырыш керек. Буга 15 секунддан ашык убакыт кетпеши керек;

— жабыркаган кишинин дем алып жатканын жана пульсун текшерүү абзел. Эгер пульс жок болсо, "оозмо-ооз" жасалма дем алдыруу жасаш керек;

Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө быйыл эс алуу канча турат? Пансионаттардын баасы жана картасы
— моюндун алдына оролгон валик коюу керек. Жабырлануучунун башы максималдуу түрдө артка чалкалаган болушу шарт. Кишинин мурдун жаап, терең дем алып туруп оозуна үйлөө (мүнөтүнө 12-15 жолу) керек. Жасалма дем алдыруу менен кошо жүрөккө массаж жасоо зарыл. Алакандарды кайчылаштырып төштөн ылдый, жүрөк тушту мүнөтүнө 70 ирет басуу керек (ар бир төртүнчү басуудан кийин оозго үйлөө зарыл).

Акыркы мезгилдерде Кыргызстанда сууга чөгүү фактылары көп катталууда. 2019-жылдын 17-июнуна чейин өлкө боюнча 40 киши чөгүп кеткен. Алардын 15и — 12 жашка чейинки балдар.

Бир нече күн мурун эле эки жигиттин сууга чөккөнү маалым болду. 15-июнь күнү балдар суу сактагычтын жанында жүрүшкөн. 20 жаштагы бала сууда сүзүп баратып чөгө баштаган. Жээкте турган 22 жаштагы жигит куткарам деп барып өзү кошо чөгүп кеткен. Ал үйдүн жалгыз уулу болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0