09:30 20 Кулжа 2018
Түз эфир
  • USD68.3208
  • EUR78.9344
  • RUB1.0664
Видео

Бишкек — Ош жолун тосуп калган тоодой кар көчкүнүн видеосу чыкты

Кыскача шилтеме алуу
“Чычкан” капчыгайына түшкөн көчкү (9)
1572 0 0

"Чычкан" капчыгайына түшкөн кар көчкүнүн видеосу социалдык тармакка жарыяланды. Тасманы айдоочулар тартып жибергени айтылат.

Андан катар тизилген унааларды, тоодой болуп үйүлүп жолду тосуп калган карды көрүүгө болот. Айдоочулар ошол жерде түнөгөнүн айтышууда.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы көчкү түшкөн аймакта турган айдоочу Сыдык Сейитбеков менен байланышканда ал жакта 100дөй унаа тизилип турганын айтты.

"Мен Sprinter менен Бишкектен жүк ташып бара жаткам. Жол жабылып, ушул жерде түнөдүк. Азык-түлүк ташыган унааларды ачып тамак-аш карап жатабыз. Кардарлар кардан жөө ашып өтүп ары жактан келген унаалар менен кетүүдө. Бир тез жардам унаасы турат. Ал эми унаалар эки чакырымга чейин тизилип турат. Айрымдары кайтып кетүүдө", — деди Сейитбеков.

Белгилей кетсек, 13-мартта түнкү саат 22.40дар чамасында "Чычкан" капчыгайына 2,5 миллион куб кар көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толугу менен жабылган. ӨКМдин билдиргени боюнча түшкөн көчкүнүн узундугу 250 метр, туурасы 200 метр, бийиктиги 50 метрге жетет. Адамдарды басып калган факты жок. Транспорт жана жолдор министрли карды тазалоого үч күндүк убакыт кетерин айтты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги кырдаалдын жүрүшүнө байкоо салып турат.

Тема:
“Чычкан” капчыгайына түшкөн көчкү (9)

Тема боюнча

Түндө "Чычкан" капчыгайына көчкү түшүп, Бишкек — Ош жолу толук жабылды. Сүрөт
Кар көчкүдөн улам Бишкек — Ош жолу жабылды. Учурда эмне болуп жатат
Белгилер:
жол, айдоочу, кар көчкү, Чычкан капчыгайы
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ