Саяпкер Сүйүнбек: жылан жеген "Миллиончик" аргымагымды баламдай эле бактым

Жазылуу
"Миллиончиктин" ээси аны алты айлык тай кезинде сатып алган. Төрт жашка чейин таптаган аргымагы аны улак тартыштарда байгесиз калтырган эмес

43 жаштагы саяпкер Сүйүнбек Эгембердиевдин "Миллиончик" аттуу күлүгү бул ирет да аламан улак тартышта тай утуп, кубаныч тартуулады. Саяпкер аны алты айлык тай кезинде Мухтар аттуу кишиден сатып алганда сол бутунда "М" деген эн белги болгон. Ошол себептен тайдын экинчи ээси аны "миллиончик" деп атап алган. Атына заты жарашкан "Миллиончик" ээсин байгеден куру кол калтырган эмес.

"Алты айлык кезинен баштап, өзүмдүн баламдай багып чоңойттум. Капа кылбай, акжолтой жылкы болуп берди. Жем-суусун өз маалында берем. "Миллиончиктин" башка жылкылардан айырмасы — ал жыландын этин жейт. Өзгөндүн Жээренче айылында жашайм. Күн ысыкта жылан көп болот. Кара чаар жылан көргөн сайын кармап, башы менен куйругун кесип, кадимки эт туурагандай майда туурап, жемге кошуп берем, ылгабай жеп алат. Кээде өзүм деле таң калам, анткени аны менен эле катар баккан жылкыга жыландын этин берсем жебей койчу", — деди Эгембердиев.

Ал "Миллиончикке" жыландын этинен башка тооктун жумурткасын да берип үйрөткөн. Витамин болсун деп сабиз, алма жана дарбыз да берет.

Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон" - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
"Жылкымды сынап, тооктун жумурткасын сууга бышырып, чөптүн үстүнө таштап койсом "Миллиончик" таанып, издеп жеп алчу. Башка жылкыларым жем-чөптөн башканы жечү эмес. Баламдай болуп калган жылкым өз баасын бир жылга жетпей актады. Анткени аламан улак тартыштарда килем, телевизор жана башка баалуу бир катар белектерди уттум. Бир да байгеден куру кол кайтарчу эмес. Бирок жылкымды төрт жашында акчага зарыгып, жакын тууганыма сатууга туура келди. Ал кайра эле менин досума сатыптыр. Азыр "Миллиончиктин" ээси башка болгону менен атым мени кадимкидей тааныйт. Досумдан алып минип, жылкымды бат-бат көрүп турам. Бүгүн да улак тартышка келдим. Досум экөөбүз алмак-салмак мелдешке чыгып жатабыз", — деди саяпкер.

"Миллиончик" бул ирет да мурунку ээсин кубантып, байгеден тай утту.

43 жаштагы саяпкер Сүйүнбек Эгембердиев 20 жашынан баштап аламан улак тартыштарда күч сынашып келет. Эгерде уулдары улакчы болууга кызыкса, аларды бул өнөргө тарбиялай тургандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0