Путиндин балыкчылык кызга берген ити кантип чоңоюуда. Видео

Жазылуу
Россиянын президенти Владимир Путин мындан эки жыл мурун кыргызстандык Дарья Яицкаяга чанда кездешчү ньюфаундленд породасындагы күчүк белек кылган.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы күчүк ээсинин үйүнө барып келди. Үч жаштагы жандыкка Дарья Макс деген ат коюп алган.

"Мындай породадагы иттер чанда гана кездешип, баасы кымбат болгондуктан сатып алууга чамабыз жеткен эмес. Кыялым орундала турганын билгенде аябай кубангам", — деди Дарья.

Анын айтымында, ит жаман жоруктары жок, жароокер болуп чоңойгон. Ал үйдөгү башка жаныбарлар жана адамдар менен ынак мамиледе.

2015-жылы июль айында Россиянын президенти Владимир Путин 10 жаштагы Дарья Яицкаянын кат аркылуу кайрылган суранычын орундатып ньюфаундленд породасындагы күчүктү белекке берген. Жаныбарды июль айынын аягында Россиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0