UFC мушкери таразага түшүү учурунда эстен танып жыгыла жаздады

Жазылуу
Күйөрмандар анын саханага чыгып келе жатканда эле эки жакка ооп басып келе жатканын байкашкан

ММА боюнча япониялык мушкер Мизуто Хирота беттеш алдында таразага түшүү иш-чарасында аз жерден эстен танып жыгыла жаздады. Бул тууралуу MMA Fighting порталында маалымдалды. 

Кыргызстанский тайбоксер Антонина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Лондондогу ММА турнири: Антонина Шевченко жеңишке жетсе, Физиев утулуп калды
Япон мушкери америкалык Чарльз Роса менен UFC турниринин алкагында 23-сентябрдын кечинде Японияда мушташмак.

Маалыматка ылайык, спортчу сахнага чыкканда эле теңселе басып, таразага келген. Аны күйөрмандар дароо байкаган.

Хиротанын салмагы 68 килограммды көрсөткөн. Бул анын салмак категориясында төрт фунтка көп экенин ырастаган. Таразага түшкөндөн кийин ордунда бир саамга туруп калган. 36 жаштагы спортчу артка басып тең салмагын жоготкондо жанындагылар колтугунан сүйөп калышкан.

Кийин UFC уюму мушташ болбой калганын, себеби япон мушкери салмагынан көп экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0