00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Никеге чейинки медициналык текшерүү: бул демилгенин пайдасы жана тобокелдиктери эмне?
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Почему депутаты хотят наказывать за мусор общественными работами
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жакынкы Чыгыштагы окуяларга карабай, ЕАЭБге мүчө болгонубуздун аркасында мунай жеткирүүдө коркунуч жок
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын үрөнчүлүгүнүн келечеги кандай — жогорку сапаттагы үрөндөрдүн тартыштыгы
13:04
52 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Алыкулдун үй-музейинин абалы. Убайымга салган таберик жай, упаранган дубалдар

Жазылуу
Кыргыздын классик акыны Алыкул Осмоновдун чатырынан суу сарыгып, дубалдарынын капталы упаранып түшө баштаган үй-музейи оңдоп-түзөө иштерин талап кылып турган чак.

Акыркы 17 жылдан бери бир да жолу оңдоп-түзөө болбогондуктан, ушундай абалга келген. Бул туурасында музейге барып, анын абалын көргөндөн кийин коомчулукка алып чыккан 1-курстун студенти Бакай Матмусаев менен "Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып берди.

"Кышында университеттин жетекчилиги менен келгенбиз. Тамдын чатырынан суу агып, начар абалда экен. Кагаздардын сыясы чыгып жатканын көрдүм. Кыргыздын улуу акынынын үй-музейи мынчалык байкуш абалда экенин билген эмесмин. Андан кийин социалдык тармак аркылуу үй-музейди демөөрчүлөр тобунун жардамы менен оңдоого чакырык салдым", — деди Матмусаев.

Учурда негизинен студент балдардан түзүлгөн "Алыкул ашары" демилгеси үй-музейди оңдоп чыгууну колго алып, ал үчүн атайын концерт уюштурууну пландап, демөөрчүлөрдү издей баштады. Бакай бул боюнча ЭЛСОМдо 0771939692 деген атайын эсептик комер ачылгандыгын айтты. 

 

Состояние дома-музея поэта Алыкула Осмонова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Алп акын Алыкулдун урай баштаган үй-музейин оңдоп-түзөөгө студенттер киришти
Ал эми "Алыкул үй борбору" коомдук бирикмесинин жетекчиси Памирбек Казыбаев үй-музейде 17 жылдан бери бир дагы ремонт болбой, чатырынан суу өтүп, ичиндеги экспонаттардын сакталышына терс таасирин тийгизип жаткандыгын айтты.

"Акын бул үйдү өзүнүн маңдай тери менен тапкан акчасына 1945-жылы сатып алып, 1950-жылга чейин жашаган. Оорусуна байланыштуу көпкө жашай албай, акыркы сапарга узаган жери. Тагыраагы, 12-декабрда 35 жашында ушул жерден көз жумган. Андыктан бул жерди кийинки муундар көздүн карегиндей сакташыбыз керек", — деди Казыбаев.

Учурда бул демилгеге баш-аягы болуп жаштар уюмдарынан, студенттик кеңештерден турган 11 топ кошулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0