10:44 25 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6179
  • EUR102.9631
  • RUB1.1473
Видео

Үч кызматкерди өлтүрүп качкан 9 кылмышкердин бешөөнү кармоо учурунда тартылган видео

Кыскача шилтеме алуу
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)
179940
пресс-служба МВД КР

Чүй облусунун Ички иштер бөлүмүнүн атайын батальонунун 2-взводунун ага кызматкери Мирлан Бакиев кылмышкерлерди кантип кармагандыгын айтып берди.

"Өнөгүм Курманалиев Канат менен 3-нөөмөттө иштеп жаткам. Бир жарымдар чамасында Тойота Эстима автоунаасы менен кылмышкер качты деген маалымат келди. 5 мүнөт өткөндөн кийин аны жолдон байкап калып, артынан түштүк",— деп айтып берди Бакиров.

Милициянын көзүнө чалдыгып калган кылмышкерлер, №50 түрмөдөн качкандан кийин изин жазгырып кетүүгө аракет кылып, эскертүү иретинде атылган окко да баш ийген эмес.

Бакиров аларды түнкү атайын рота жардамы менен Бишкек-Кордай багытындагы 10-чакырымында кармалганын айтып берди.

№50 түрмөдөн качкандар Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган "Жайшул-Махди" партиясынын мүчөлөрү болгон. Буга чейин аларга диний экстремизм жана терроризм боюнча кылмыш иши козголуп, эркинен ажыратылган. 

Алар качуу учурунда үч ЖАМКтын үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылышкан. Качкан 9 кылмышкердин бешөө кармалды. Төртөө изделүүдө.

Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу тууралуу Sputnik инфографикасындн көрүңүздөр>> 

Тема:
№50 түрмөдөн качкан кылмышкерлер (125)

Тема боюнча

Генерал Иманкулов: түрмөдөн качкандар башкалардын өмүрүн кыйбаса болду
ЖАМК кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду
Кылмышкерлердин түрмөдөн качуусунан улам Казакстан өз чек арасындагы көзөмөлдү күчөттү
Белгилер:
Өлтүрүү, кылмышкер, качуу, Бишкек

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ