Мурдагы премьер Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен тергөө амалдары аяктаганга чейин камакка алынган. Ал "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда. Исаков 2013-жылы президентинин аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси кызматында турган кезде "Бишкек ТЭЦин модернизациялоо" долбоорун ишке ашырууда өзүнүн саясий абалынан пайдаланганы айтылууда.