https://sputnik.kg/20260320/1100336105.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. РФ лидери бул майрам кылымдар бою ыймандуулардын адеп-ахлактык жактан... 20.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-20T16:59+0600
2026-03-20T16:59+0600
2026-03-20T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/03/14/1100335939_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_e04764a20861ca8985a288321ad969a2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Россиянын президенти Владимир Путин мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. РФ лидери бул майрам кылымдар бою ыймандуулардын адеп-ахлактык жактан жетилүүгө, боорукердикке жана ырайымдуулукка умтулуусун чагылдырып, аларды исламдын түбөлүктүү баалуулуктарына багыттап келерин белгиледи. "Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согуш талаасында куралдаштары менен катар күрөшүп жаткан, ошондой эле баатырлардын жакындарына колдоо көрсөтүп жаткан ислам дининин өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деген Путин. Ошондой эле ал Россиядагы мусулмандар ата-бабалардын тарыхый жана руханий салттарына терең урмат менен мамиле кылып келишкенин белгилеген. Алар үй-бүлө институтун бекемдөөгө, жаштарды тарбиялоого салым кошуп, патриоттук, билим берүү жана гуманитардык демилгелерди ишке ашырууга туруктуу көңүл бурушарын айткан.
Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга төрага Марлен Маматалиев катышып, депутаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бирге жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду талкуулашты. Мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш жаштар саясатын алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев: "Жакында эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Аны түзүүнүн максаты — жаштар менен туруктуу байланыш түзүү жана алардын демилгелерин колдоо", – деди. Жыйында "Жаш кадрлар мектеби" долбоору сунушталды. Анын алкагында 3-4-курстун студенттери жана 35 жашка чейинки жаш адистер мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө практикалык тажрыйба топтошот.
Алтындын фьючерс баасы төмөндөп, бир унциясы 4750 доллардан ылдый түштү. Бул тууралуу Comex биржасынын маалыматына таянып, Известия кабарлады. Бүгүнкү маалыматтарга ылайык, апрелде жеткириле турган алтындын фьючерс баасы 4749 долларды түзүп, мурунку күнгө салыштырмалуу 3,01%га төмөндөгөн. Бул көрсөткүч 5-февралдан бери биринчи жолу 4750 доллар чегинен ылдый түшкөнүн билдирет. Ошол эле учурда күмүштүн баасы да олуттуу төмөндөп, 17-февралдан бери биринчи жолу бир унциясы 72 доллардан ылдый түштү. АКШ менен Ирандын ортосундагы кырдаал курчугандан кийин, алтындын баасы тарыхый максимумга - бир унциясы 6,5 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экени божомолдонгон.
АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы операциясынан улам Жакынкы Чыгышка аскер жөнөтүүнү тездетип жатканын NBC кабарлады. "Жакынкы Чыгышка миңдеген кошумча матрос жана жоокерлер жөнөтүлүп жатат. Алдыдагы күндөрү мерчемделгенден эрте Сан-Диегодон 2,2 миң матрос чыгат", — деп айтылат маалыматта. АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы 28-февралдан бери уланып келе жатат. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырып келет. Иран коргонууга даяр экенин, сүйлөшүүлөрдү жандантуун
Россиянын президенти Владимир Путин мусулмандарды Орозо айт майрамы менен куттуктады. РФ лидери бул майрам кылымдар бою ыймандуулардын адеп-ахлактык жактан жетилүүгө, боорукердикке жана ырайымдуулукка умтулуусун чагылдырып, аларды исламдын түбөлүктүү баалуулуктарына багыттап келерин белгиледи. "Мекендин эркиндиги жана көз карандысыздыгы үчүн согуш талаасында куралдаштары менен катар күрөшүп жаткан, ошондой эле баатырлардын жакындарына колдоо көрсөтүп жаткан ислам дининин өкүлдөрүнө өзгөчө ыраазычылык билдирем", — деген Путин. Ошондой эле ал Россиядагы мусулмандар ата-бабалардын тарыхый жана руханий салттарына терең урмат менен мамиле кылып келишкенин белгилеген. Алар үй-бүлө институтун бекемдөөгө, жаштарды тарбиялоого салым кошуп, патриоттук, билим берүү жана гуманитардык демилгелерди ишке ашырууга туруктуу көңүл бурушарын айткан.Күн мурун Жогорку Кеңештин төрагасынын алдындагы Жаштар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Жыйынга төрага Марлен Маматалиев катышып, депутаттар жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен бирге жаштар саясатын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду талкуулашты. Мыйзам чыгаруу органы катары Жогорку Кеңеш жаштар саясатын алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилеген Марлен Маматалиев: "Жакында эле Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү. Аны түзүүнүн максаты — жаштар менен туруктуу байланыш түзүү жана алардын демилгелерин колдоо", – деди. Жыйында "Жаш кадрлар мектеби" долбоору сунушталды. Анын алкагында 3-4-курстун студенттери жана 35 жашка чейинки жаш адистер мамлекеттик башкаруу жана мыйзам чыгаруу чөйрөсүндө практикалык тажрыйба топтошот.Алтындын фьючерс баасы төмөндөп, бир унциясы 4750 доллардан ылдый түштү. Бул тууралуу Comex биржасынын маалыматына таянып, Известия кабарлады. Бүгүнкү маалыматтарга ылайык, апрелде жеткириле турган алтындын фьючерс баасы 4749 долларды түзүп, мурунку күнгө салыштырмалуу 3,01%га төмөндөгөн. Бул көрсөткүч 5-февралдан бери биринчи жолу 4750 доллар чегинен ылдый түшкөнүн билдирет. Ошол эле учурда күмүштүн баасы да олуттуу төмөндөп, 17-февралдан бери биринчи жолу бир унциясы 72 доллардан ылдый түштү. АКШ менен Ирандын ортосундагы кырдаал курчугандан кийин, алтындын баасы тарыхый максимумга - бир унциясы 6,5 миң долларга чейин өсүшү мүмкүн экени божомолдонгон.АКШнын Куралдуу күчтөрү Иранга каршы операциясынан улам Жакынкы Чыгышка аскер жөнөтүүнү тездетип жатканын NBC кабарлады. "Жакынкы Чыгышка миңдеген кошумча матрос жана жоокерлер жөнөтүлүп жатат. Алдыдагы күндөрү мерчемделгенден эрте Сан-Диегодон 2,2 миң матрос чыгат", — деп айтылат маалыматта. АКШ менен Израилдин Иранга каршы операциясы 28-февралдан бери уланып келе жатат. Тараптар бири-бирине сокку урууда. Тель-Авив Тегерандын өзөктүк куралга ээ болуусуна жол бербей турганын айтса, Вашингтон өлкөнүн аскердик потенциалын жок кылам деп коркутуп, элин бийликти кулатууга чакырып келет. Иран коргонууга даяр экенин, сүйлөшүүлөрдү жандантуун
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/14/1100335939_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8636775b4f5ad1dd7645d2b3df782842.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио