00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
6 мин
Будь в курсе
В КР продолжат внедрять сельхоз страхование. Почему оно не похоже не ОСАГО и в чем трудности?
08:06
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Борбор Азияда суу маселеси кандай чечилиши керек — компенсация, стратегиялык программа
09:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кыргызстан в санкционном списке ЕС: что это значит для банков, бизнеса и репутации страны
10:04
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстан электрондук билериктерди жаңы деңгээлге чыгарат: заманбап көзөмөл механизми кылмыш-жаза системасына кандай натыйжа берүүдө?
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Как странам ЦА сотрудничать с Китаем и не потерять самостоятельность
12:05
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы рекорд! Бишкек бир кварталда 205 сааттан ашык жол тыгындарында турду. Жол тыгындарын чечүүнүн кандай жолдору бар?
13:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Аталар институту: заманбап үй-бүлөдө атанын ролу кандай?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Чуйковдун дүйнөсү: кыргыз менталитетинин сүрөттөгү көркөм баяны
19:06
30 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ШОС, НАТО и Большая Евразия: экономист Рахимов о перезагрузке континента
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Донорлук — адам өмүрүн сактоодогу маанилүү кадам: Республикалык кан борборунун ишмердиги жана кан тапшыруу маданияты
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жоопкерчилик Атамбаевдин мойнунда! Кой-Таш окуясын иликтеген комиссиянын тыянагы

© Sputnik / Табылды КадырбековАтамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндөгү атайын операция - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шайназаров мурдагы президент Атамбаев Кой-Таштагы окуяларда өзүнүн кызыкчылыгын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгонун айтты.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеген мамлекеттик комиссия өз тыянагын чыгарды. Аны менен аталган комиссиянын башчысы, депутат Тынчтык Шайназаров тааныштырды.

Белгилей кетсек, бүгүн парламент Кой-Ташта болгон окуяларды иликтеген комиссиянын ишинин жыйынтыгын укту.

Шайназаров мурдагы президент Атамбаев Кой-Таштагы окуяларда өзүнүн кызыкчылыгын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгонун белгиледи.

"Атамбаев президенттик ыйгарым укуктарын аткарган мезгилде атайылап жасаган кылмыштык иш аракеттери үчүн сөзсүз түрдө жаза аларын түшүнүп, өзүнүн жеке кызыкчылыгын элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору койгон. Жазык жоопкерчилигинен качуу максатында КР Конституциясын жана мыйзамдарын ачык түрдө тоготпой, мыйзамдуулук түшүнүктөрүн манипуляциялоо менен коомчулукту адаштырган. Ошондой эле жасалма түрдө региондор аралык карама-каршылыктарга шыкак берип, мамлекеттик бийликтин беделин түшүрүү үчүн коомдо нааразычылык бар экендиги жөнүндө жалган көз карашты түзгөн. Эл аралык колдоо алууга аракет кылуу менен өлкөдөгү бийликти күч менен басып алууну алдын ала даярдаган", — деди ал.

Комиссиянын төрагасы Атамбаев жарандарды бийликке каршы чыгаруу үчүн ар кандай иш-аракеттерди жасап, анын ичинде тарапташтарынын өмүрүнүн кыйылышына дагы бара турган провокацияларды уюштуруу менен укук коргоо органдарына куралдуу каршылык көрсөтүүнү пландаганын айтты.

Председатель ГКНБ КР Абдил Сегизбаев - Sputnik Кыргызстан
Абдил Сегизбаевдин Кой-Таштагы окуяда Атамбаевге кандай жардам бергени айтылды
"Массалык башаламандык, талап-тоноочулук менен коштолгон аракеттер аркылуу бийликти күч менен басып алуу пландалган. 7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларга карата жоопкерчилик бүт бойдон жана толугу менен Атамбаевде жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу аракеттерине куралдуу каршылык көрсөтүүнү жана бийликти күч менен басып алууну пландаган анын тарапташтарында турат", — деди Шайназаров.

Ал ошондой эле Атамбаевди мажбурлап суракка алып келүү жана андан кийинки кармоо иштери боюнча УКМК жана ИИМдин иш-аракеттери кетирилген катачылыктарга жана кемчимликтерге карабастан мыйзамдарга ылайык болгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0